Иран АКШдан 22 млрд. доллар компенсация талап кылды. Себеби

Ирандын сот бийлиги Вашингтон 2022-жылы Ислам Республикасынын аймагында нааразылык акцияларын күчөтүү аркылуу келтирилген зыян үчүн 22 миллиард доллардан ашык компенсация төлөөгө милдеттүү деп чечим чыгарганын сот бийлигинин расмий өкүлү Асгар Жахангир билдирди.

Жахангирдин айтымында, 2022-жылдын күзүндө ирандык кыздын каза болушунан кийин АКШ менен Израиль Ирандагы коомдук пикир менен манипуляция кылып, өздөрүнүн кара ниет максаттарына жетүүгө аракет кылган. Бул аракеттер өлкөдө нааразычылык учурунда көптөгөн курмандыктарга менен жаракат алууларга алып келген.

Ал белгилегендей, АКШнын аракеттеринен улам тутанган нааразылыктардан кийин 607 ирандык үй-бүлө АКШ өкмөтүнө, анын саясий жана аскердик жетекчилерине каршы доо арыз беришкен. Бул доо арызды Ирандын Эл аралык иштер боюнча соту Шахид Бехешти сот комплексинде караган.

Жахангирдин маалыматына караганда, сот Вашингтон Иранга 22 миллиард доллардан кем эмес өлчөмдө компенсация төлөшү керек деген өкүм чыгарды.

Бул сумма төмөнкү чыгымдарды камтыйт: жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө келтирилген материалдык чыгым 5,82 миллиард доллар, үй-бүлөлөргө келтирилген моралдык чыгым 11,64 миллиард доллар, 25 жабырлануучунун ар бирине 7,5 миллион долларлык материалдык компенсация, ошол эле 25 жабырлануучуга моралдык чыгым 15 миллион доллар, ошондой эле 50 миллион долларлык айып пул.

2022-жылдын күзүндө Иранда Махса Амини аттуу кыз жүрөгү кармап, каза болгондон кийин нааразылык акциялары жана башаламандык чыккан. Тургундар Махсанын өлүмүнө адеп-ахлак полициясын күнөөлөшкөн. Негизги окуялар Гилян, Хузестан, Систан жана Белужистан, Тегеран жана Курдистан провинцияларында болгон.

Иран бийлиги Батыш өлкөлөрүн нааразылыктарды колдогону үчүн айыптап, алардын медиалары Иранга каршы багытталган маалыматтарды жайылтканын билдирген. Башаламандыкка катышкандар полиция жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кызматкерлерине, ошондой эле “Басидж” мүчөлөрүнө, дин кызматкерлерине жана мечит имамдарына чабуул жасашкан учурлар болгон.