Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн “Хатам аль-Анбия” борбордук штабынын жетекчиси Али Абдоллахи АКШ менен Израиль Ирандын инфраструктурасына сокку ура турган болсо “тозоктун дарбазасы ачыларын” эскертти.
Муну менен ал АКШнын президенти Дональд Трамптын коркутууларына жооп берди.
4-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын Ормуз кысыгын ачууга же АКШ менен келишимге жетишүүгө эки күнү бар экенин билдирген. Ал бул мөөнөттөн кийин “Иран тозок отуна” түшөт деп айткан.
“Биз бир секунд да тартынбайбыз, элибиздин жана улуттук активдерибиздин укуктарын коргоо үчүн куралдуу күчтөрүбүздү жайгаштырабыз, ар кандай агрессорду алардын ордуна коёбуз”, – деди Абдоллахи.
Ал эгер АКШ менен Израиль кайрадан кол салса, Иран бул өлкөлөр колдонгон ар кандай инфраструктурага кол саларын баса белгиледи.
“Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып биз убада кылгандын баарын аткардык. Бул билдирүүнүн мааниси – тозоктун дарбазалары силердин алдыңарда ачылат”, – деп жыйынтыктады сөзүн Абдоллахи.
Эске салсак, Израиль менен АКШ Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Иран Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерий объектилерине сокку уруп, жооп кайтарууда.