Иран АКШ менен өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында “европалык үчтүк” өлкөлөрүнүн (Улуу Британия, Германия жана Франция) менен консультацияларды өткөрүүнү пландаштырууда.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи билдирди.
“Менимче, үч европалык өлкөнүн Ирандын өзөктүк программасы маселесиндеги ролу алар туура эмес жүргүзгөн саясаттан улам азайды. Ушул себептен улам, биз алар менен АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн алдында Римде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярбыз”, – деди ал.
Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жума күнү болот.
Аракчи европалыктар менен консультациялар улана берерин, бирок учурда Вашингтон менен сүйлөшүүлөр негизги болуп саналарын жана алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн айлампасы 3-майда Римде өтөрүн кошумчалады.
24-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Россия жана Кытайдагы кесиптештери менен март жана апрель айларында болгон консультациялардан кийин Европанын үч өлкөсү менен өзөктүк программа боюнча диалогду кайра баштоого даяр экенин билдирген. Февраль айында Франция, Улуу Британия жана Германия Иранды өзөктүк келишимге кол коюудан баш тартса, тез арада snapback механизмин кайтарарын айтып коркутушкан. Бул механизм 2015-жылы өзщөктүк келишим түзүлгөндөн кийин алынган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Тегеранга каршы киргизген бардык санкцияларын калыбына келтирет.
Белгилей кетсек, АКШ менен Иран буга чейин кыйыр сүйлөшүүлөрдүн үч айлампасын өткөрүшкөн. Биринчиси 12-апрелде Маскатта, экинчиси 19-апрелде Римде болгон. Үчүнчү айлампасы 26-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШнын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткоффтун, ошондой эле эки тараптын техникалык топторунун катышуусунда Оманда болуп өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча ирандык министр сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө канааттанганын билдирди. Уиткофф Иран менен сүйлөшүүлөр позитивдүү жана жемиштүү болгонун, эки тарап Европада “жакында” кайрадан жолугушууну макулдашканын кошумчалаган.
Тегеран менен Вашингтондун ортосунда 3-майга белгиленген сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы Римде өтөт, анда Оман ортомчу бойдон калат.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.