Тегеран Ирандын өзөктүк программасы боюнча кризисти жөнгө салуу боюнча Вашингтон менен кыйыр сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр жана ортомчу ролун аткарып жаткан Омандан кийинки жолугушуунун датасын жана ордун күтүп жатат.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи билдирди.
“3-майга белгиленген консультациялардын кезектеги раундун жылдыруу ортомчунун демилгеси жана эки тараптын макулдугу менен ишке ашты. Бул сүйлөшүүлөрдүн келечегине келсек, Иран Омандан билдирүү күтүп жатат. Омандык досторубуз убакытты, жерди макулдашат жана бизге өз убагында маалымат берилет”, — деди ал басма сөз жыйынында.
Багаинин айтымында, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасына байланышкан бардык маселелерди чечүү үчүн дипломатиялык жолду карманарын буга чейин далилдеген.
“Эгерде АКШ Ирандын атомдук бомбасы болбошун кааласа жана алар тараптан чынчылдык болсо, анда көптөгөн маселелерди чечсе болот”, – деп кошумчалады ирандык дипломат.
АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен Ислам республикасынын өзөктүк программасынын айланасындагы кризисти чечүү үчүн үч ирет сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Биринчи айлампасы 12-апрелде Маскатта, экинчиси 19-апрелде Римде, үчүнчүсү дагы 26-апрелде Маскатта өттү. Сүйлөшүүдө ирандык делегацияны тышкы иштер министри Аббас Арагчи, ал эми америкалык делегацияны президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеди.
1-майда Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди 3-майга белгиленген АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы “логистикалык себептерден улам” кийинкиге жылдырылганын билдирди.
Өзөктүк келишим
Эске салсак, 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.
Маскат менен Римдеги сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн 2022-жылдан берки биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуусу болду. Алар Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу көптөн бери келе жаткан карама-каршылыктарды жөнгө салууга багытталган.