Иран бийлиги италиялык журналист Чечилия Сала кармалганын ырастады.
Бул тууралуу IRNA агенттиги өлкөнүн Маданият жана ислам багыты министрлигинин чет элдик маалымат каражаттары бөлүмүнө шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, журналист Иран Ислам Республикасынын мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган, ага консулдук жардам көрсөтүлүп, үй-бүлөсү менен телефондон байланышкан.
Журналист өлкөгө журналисттик виза менен 13-декабрда кирип, 20-декабрда Иран Ислам Республикасынын мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган.
Учурда анын иши иликтенип жатат. Аны кармоо тиешелүү жоболорго ылайык жүргүзүлүп, Италиянын Тегерандагы элчилигине маалымат берилген.
“Маданият жана Ислам багыты министрлигинин саясаты ар дайым ар түрдүү эл аралык маалымат каражаттарынын журналисттеринин саякаттарына жана мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө дем берүү, өлкөдө чет элдик маалымат каражаттарынын санын көбөйтүү жана алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо болуп саналат жана бул саясат он төртүнчү өкмөттө да жигердүү жүргүзүлүп келет”, – деп айтылат маалыматта.
Билдирүүдө сот системасы зарыл болгон учурда кенен маалымат берери кошумчаланат.