Иран бийлиги өлкөдөгү ички окуяларды пайдалануу аркылуу тышкы күчтөр ички иштерге кийлигишүүгө аракет кылды деп айыптады.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи массалык антиөкмөттүк нааразылык акцияларынан кийин өлкөдөгү кырдаал «толук көзөмөлдө» экенин билдирди. Бул тууралуу ал дүйшөмбү күнү Тегеранда чет элдик дипломаттар менен жолугушууда сүйлөп жатып айтканын AlJazeera телеканалы түз эфирде көрсөттү.
Анын айтымында, өлкөнүн ар кайсы аймактарын камтыган нааразылыктар «зомбулукка жана кан төгүүгө айланып», АКШ тарабынан мүмкүн болгон кийлигишүү үчүн «шылтоо» катары колдонулган.
— Азыр кырдаал толук көзөмөлдө. Нааразылык акциялары атайылап кандуу жана зордукчул мүнөзгө өткөрүлүп, Трампка кийлигишүүгө негиз түзүлдү, — деди Иран ТИМ башчысы.
Ошондой эле Ирандын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси АКШ президенти Дональд Трамптын Тегеранга каршы мүмкүн болгон аскердик аракеттер тууралуу эскертүүлөрү, анын айтымында, «террористтерди» нааразылыкка чыккандарга жана коопсуздук күчтөрүнө кол салууга түрткү берип, чет элдик кийлигишүүнү козутуу максатын көздөгөн болушу мүмкүн экенин айтты.
— Биз согушка да даярбыз, бирок диалогго да даярбыз, — деп белгиледи Аракчи.
Ал иран бийлигинде нааразылык акцияларына катышкандарга курал таратылганы чагылдырылган видеоматериалдар бар экенин айтып, кармалгандардын көрсөтмөлөрүн жакын арада ачыкка чыгаруу пландары бар экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, демонстрациялар чет элдик элементтер тарабынан «козголуп, каржыланып» турган, ал эми коопсуздук күчтөрү зомбулукка тиешеси бар адамдарды издөөнү улантат.
— Азыр болуп жаткан нерсе нааразылык эмес, бул өлкөгө каршы жүргүзүлүп жаткан террористтик согуш, — деди Аракчи.
— Иран бийлигинде террористтик элементтерге жөнөтүлгөн, жайкын тургундарга жана коопсуздук күчтөрүнө ок атууга буйрук берилген үн билдирүүлөрдүн аудиожазуулары бар.
Мындан тышкары, ирандык министр өлкөдө интернетке жеткиликтүүлүк жакын арада калыбына келтирилерин билдирди. Анын айтымында, өкмөт бул процессти күч түзүмдөрү менен макулдашып жүргүзүүдө, интернетке кошулуу дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана мамлекеттик мекемелерге да кайра берилет.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Иранга карата «абадан катуу варианттарды» карап жатканын билдирген.
10-январда Дональд Трамп акыркы үч жылдагы эң ири нааразылык акцияларына комментарий берип, АКШ нааразылыкка чыккандарга жардам берүүгө даяр экенин айткан.
11-январда Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф эгер АКШ өлкөгө сокку урса, америкалык аскерлер жана Израиль «мыйзамдуу буталарга» айланарын эскерткен.
Нааразылык акциялары Ирандын бардык провинцияларындагы 111 шаар жана калктуу пунктка жайылды.
Дүйшөмбү күнү Иранда нааразылык маалында каза болгондорго байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды.