Иран БРИКСтин саммитинде дүйнөнүн көңүлүн “Израилдин кылмыштарына” бурууга ниеттенүүдө

Ирандын президенти Масуд Пезешкинн менен республиканын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Казанда өтө турган БРИКС саммитинде башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен “Израилдик коркунучту” талкуулоо ниетинде.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи билдирди.

“Казандагы БРИКС саммитине катышуубузду дипломатиялык консультацияларды өткөрүүгө жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн сионисттик режимдин кылмыштарынын уланып жатканынан улам келип чыккан коркунучтарга буруу үчүн аракет кылууну көздөп жатабыз”, – деди ал брифингде.

2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин Газадагы согушунан 42,6 миң палестиналык курман болуп, 99,8 миңи жарадар болду. Жабыркагандардын 70%ы аялдар жана балдар.

2024-жылы сентябрда Израиль Ливандын түштүгүндө “Хезболла” уюмуна каршы операция баштаган. Израилдик операциянын бир айынын ичинде 2,4 миң ливандык курман болуп, 10,9 миң адам жарадар болду.

БРИКС тобу 2006-жылы Бразилия, Россия, Индия жана Кытай тарабынан түзүлүп, 2011-жылы ага Түштүк Африка кошулган. 2024-жылдын 1-январында Египет, Иран, БАЭ, Сауд Аравия жана Эфиопия топтун толук кандуу мүчөсү болушкан. Быйылкы жылдын башкы окуясы Россиянын төрагалыгы учурунда 22-24-октябрда Казанда өтө турган саммит болмокчу.

Казанда өтө турган БРИКСтин саммитине 33 мамлекет, анын ичинде 24ү мамлекет лидерлери катышарын тастыктаганы буга чейин Татарстандын вице-премьер-министри, республиканын Министрлер кабинетинин аппарат жетекчиси Шамил Гафаров билдирген.

Комментарий жиберүү