Иран генералы Каани: Ливандагы варвардык кол салууну уюштургандарды катаал жана өкүнө тургандай жаза күтүп турат

Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” күчтөрүнүн командачысы генерал Исмаил Каани Ливанга кол салган Израилге каршы катуу билдирүү жасады.

Ал Ливандагы варвардык кол салууну уюштургандарды катаал жана өкүнө тургандай жаза күтөрүн эскертти.

Каани сионисттик режимдин тарыхы адамзатка каршы кылмыштарга, күнөөсүз адамдарды, аялдарды жана балдарды кырууга толгонун айтты.

“Кылмышкер, балдарды өлтүргөн Нетаньяху Ливандагы варвардык аракеттери менен өзүнүн кожоюну АКШдан да ырайымсыз жана таш боор экенин далилдегиси келди. Душман билип койсун: аны катуу жана өкүнө тургандай жаза күтүп турат”, – деди ирандык генерал.

Белгилей кетсек, Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтотуу жарыялангандан кийин Израиль армиясы Ливандын борбору Бейрутка чабуул койду. Ливандын Жарандык коргонуусунун маалыматы боюнча, кол салуулардан кеминде 254 адам каза болуп, дагы 1165 адам жаракат алды. Жабыркагандардын көбү аялдар жана балдар.

7-апрель күнү АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен эки жумалык өз ара ок атышууну токтотууну жарыялаган. Тегеран ок атышууну токтотуу үчүн 10 шарт койгон, АКШ ага макул болууга аргасыз болгон.