Иран парламенти Европа Биримдигинин (ЕБ) Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизүү чечимине жооп катары Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн террордук уюмдар деп тааныды.
Бул тууралуу парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф билдирди.
“Жооп чаралар жөнүндөгү” мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм деп жарыялоого жооп катары, Европа өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү террордук топтор деп эсептелет жана алардын аракеттеринин кесепеттери Европа Биримдигине түшөт”, – деген Галибафтын сөзүн IRIB маалымат агенттиги келтирди.
29-январда Европа дипломатиясынын башчысы Кажа Каллас Европа Биримдиги Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм деп атаганын жарыялаган. Ошондой эле биримдик коопсуздук жана сот тармагындагы 15 ирандык аткаминерге каршы санкцияларды киргизди.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи өз кезегинде Европа Биримдиги олуттуу стратегиялык ката кетиргенин билдирди. Анын пикиринде, Европа кризистин жалынын күчөтүү менен алектенүүдө.
Иран парламентинин депутаттары Ислам революциясынын сакчылар корпусуна тилектештик катары жыйынга сакчылар корпусунун формасын кийип келишти.

1 of 6

Иран парламентиндеги Тегерандан парламент мүчөсү Алиреза Салими Иран бийлиги Европа Биримдигинин аракеттерине жооп катары бул өлкөлөрдүн бардык аскердик атташелерин Ислам Республикасынан чыгарыш керектигин билдирди.
Салими Ирандын Тышкы иштер министрлигин тезинен чара көрүүгө чакырды. Ал террорчулар коопсуз башпаанек берүү кабыл алынгыс экенин жана аларды аскердик өкүлдөр деп эсептөөгө болбой турганын, анткени бул мыйзамга каршы келерин баса белгиледи.