Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын базаларына ракеталык сокку урду

Иран АКШ менен Израилдин кол салуусуна жооп ирээтинде Катар, Кувейт, БАЭ жана Бахрейндеги АКШнын базаларына ракеталык сокку урду.

Бул тууралуу ирандык “Fars news”  агенттиги маалымдады.

“Аймактагы төрт америкалык аскердик база Ирандын баллистикалык ракеталык чабуулуна кабылды. Алар Катардагы Аль-Удейд аба базасы, Бахрейндеги АКШнын Бешинчи флотунун базасы, БАЭдеги Аль-Дафра аба базасы жана Кувейттеги Аль-Салем аба базасы болду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Буга чеийн Reuters агенттиги Бахрейн, Катар жана Кувейттен кийин Абу-Дабиде да жардыруунун үнү угулганын маалымдаган.

Иран бийлиги буга чейин эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.

Израиль менен АКШнын Иранга кол салуусу

Бүгүн, 28-февраль АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдуу операция башташты.

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы масштабдуу операция баштаганын билдирди.

Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.

Иран ЖМКлары чабуул Тегерандагы Ирандын Чалгындоо министрлигине, Коргоо министрлигине, Жогорку лидердин кеңсесине, Атомдук энергия боюнча агенттигине жана  “Парчин” аскердик комплексине багытталганын маалымдашты.

Иран кол салууга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду. Ирандын баллистикалык ракеталарынын биринчи толкуну учурулгандан кийин Израилде сиреналар жаңырды.

Иран ЖМКлары Израилге карай 30га жакын ракета атылганын кабарлашты.