Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеи Израиль менен АКШнын чабуулдарынан каза болгонун Ирандын мамлекеттик телеканалы тастыктады.
“Ирандын улуу улуту, Жогорку лидер Имам Хаменеи каза болду”, – деп айтылат билдирүүдө.
Tasnim агенттиги маалымдагандай, Хаменеи 28-февраль эртең менен кеңсесине жасалган чабуулда каза болгон.
Жогорку лидердин өлүмүнө байланыштуу Иранда 40 күндүк аза күтүү жана бир жума жумушчу эмес күн жарыяланды.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Али Хаменеинин өлүмүн жарыялаган. Бирок Ирандын Fars маалымат агенттиги булакка шилтеме берип, Жогорку лидердин кызы, күйөө баласы, небереси жана келини гана каза болгонун тастыктаган болчу.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи да Жогорку лидер Али Хаменеи менен президент Масуд Пезешкиан аман экенин билдирген. Муну Иран ТИМинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи да Sky News телеканалына берген маегинде тастыктаган.
28-февраль эртең менен Израиль менен АКШ Иранга каршы биргелешкен аба соккуларын жасаган. Иран ага жооп кайтарып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын бутага алган.