Иран Израилдеги атомдук реакторду жардырарын эскертти

Иран АКШ менен бирге Ислам Республикасындагы бийликти кулатууга аракет жасалса, Израилдин түштүгүндөгү атомдук реакторго сокку урарын айтып Тель-Авивди коркутту. Бул тууралуу Tengrinews.kz ирандык Isna басылмасына таянып билдирди.

«Ирандын аскердик өкүлдөрүнүн бири эгер АКШ менен Израиль Иранда режимди өзгөртүүгө аракет кылса, Тегеран Димонадагы өзөктүк реакторду бутага алаарын эскертти», — деп айтылат маалыматта.

Сөз болуп жаткан өзөктүк изилдөө борбору Негев чөлүндө, Димона шаарына жакын жерде жайгашкан. Ал 1964-жылы ачылган. Борбордун курамына табигый уран менен иштеген оор суулуу реактор (IRR-2) кирет.

АКШ менен Израиль ишемби күнү Иранга каршы операция баштаган. Тель-Авив операциянын максаты — Тегеран өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербөө экенин билдирген. Вашингтон болсо Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кыларын айтып, өлкө жарандарын бийликти кулатууга чакырган.

Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматы боюнча, АКШ менен Израилдин чабуулдарынан кеминде 1000 адам каза болгон, алардын ичинде жогорку лидер Али Хаменеи да бар.

Мурда Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп операция алгачкы болжолдонгон 4–5 жумадан да узакка созулушу мүмкүн экенин айткан.