Иран Израилдин Газага электр энергиясын берүүнү токтотуусун айыптады

9-мартта Израилдин энергетика министри Эли Коэн израилдик барымтадагыларды бошотуу үчүн палестиналык ХАМАС кыймылына кысым көрсөтүү аракеттеринин алкагында Газа тилкесиндеги электр жарыгын токтоосуз түрдө өчүрүүгө буйрук бергенин билдирген.

Буга байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи билдирүү жасап, сионисттик режимдин бул аракетттерин айыптады.

Багаи өз билдирүүсүндө сионисттик режимдин Газа тилкесине негизги жана эң керектүү буюмдарды жөнөтүүсүнө бөгөт коюусун жана бул тилкеге ​​электр жарыгын берүүнү токтотуусун, эзилген Палестинанын калкын ачарчылыкка дуушар кылуу саясатынын алкагында жүргүзүлүп жатканын адамзатка каршы кылмыштын жана геноцидди улантуунун мисалы катары баалады.

Оккупациялык режим тарабынан Газада ок атууну токтотуу келишими бир нече жолу бузулгандыгына токтолгон Багаи согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды түзгөн эл аралык гуманитардык укукту одоно бузууларды токтотуу үчүн бардык өкмөттөрдүн жалпы жана жамааттык жоопкерчилигин эске салды.

Ал ошондой эле баскынчы режимдин кылмыштары жана Газадагы геноциддин улантылышы алдында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана башка компетенттүү эл аралык органдардын аракетсиздигин токтотууга чакырды.

Израилдин электр компаниясынын маалыматына караганда, Газа тилкесинин бардык аймактарында азыркы учурда электр энергиясы жок, ал жерде электр энергиясы акыркы убакта канализация үчүн гана берилип келген.

Буга чейин ХАМАСтын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ар-Ришк Израилдин Газа тилкесине электр энергиясын берүүнү токтотуу чечимин “арзан шантаж” жана Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу келишимин “ одоно бузуу” деп атаган.

2-мартта Израиль Газа тилкесине гуманитардык жардамдын кирүүсүнө тыюу салганын жарыялап, АКШнын Газадагы ок атышпоону узартуу жана барымтадагы калгандарды бошотуу боюнча жаңы планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн ХАМАСка дагы кысымды күчөткөн.