Иран: Исфаханда АКШ жана Израиль менен байланышы бар 73 террорчу кармалды

Ирандын коопсуздук күчтөрү Ислам Республикасынын түштүгүндө жайгашкан Исфахан провинциясында АКШ жана Израиль менен байланышы бар деп айыпталган 73 куралчан адамды кармашты. Бул тууралуу Ирандын Tasnim агенттиги Исфахан провинциясынын Башкы чалгындоо башкармалыгына шилтеме берип билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «АКШ жана Израилдин террордук жалданма аскерлери тарабынан жасалган үрөй учурган башаламандыктардан кийин Исфахан провинциясы боюнча ИРСКтин бөлүмүнүн кызматкерлери аларды аныктап, табууга жана кармоого жетишти».

Аталган маалымат агенттигинин белгилөөсү боюнча, жалпысынан 73 куралчан кармалган. Алардын 28и укук коргоо органдарынын жана коопсуздук кызматтарынын кызматкерлерине куралдуу кол салууларды жасаган адамдар болсо, калган 45 адамдын милдети шаар көчөлөрүндө башаламандык уюштуруу, өрт коюу жана тынч жашоочуларды коркутуу болгон.