Иран Катарга эскертүү берди

WP: Иран АКШнын Перс булуңундагы базалары Катарда жайгашканына карабастан, аларды бутага алынышы мүмкүн деп эскертти

Иран бийлиги Катарга эскертүү берип, АКШ Израил менен болгон кагылышууга түздөн-түз кийлигишсе, Перс булуңундагы америкалык аскердик базалар Тегеран тарабынан бутага алынышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу The Washington Post жазып чыкты.

«Бул жумада ирандык расмий адамдар Катарга, эгер АКШ чабуул жасаса, анда Перс булуңундагы америкалык базалар мыйзамдуу бутага айланышы мүмкүн экенин билдиришти», — деп айтылат макалада.

Маалыматка ылайык, кеп Доха шаарынын 20 чакырым түштүгүндө жайгашкан Аль-Удейд аба базасыБахрейндеги АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн базасы жана Кувейттеги америкалык аскердик объекттер жөнүндө жүрүүдө.

Мурунраак, Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдиргендей, президент Дональд Трамп Иранга карата мүмкүн болгон чабуулдар тууралуу чечимди эки жуманын ичинде кабыл алат. Бирок ал Иран менен жакынкы келечекте дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү ыктымалдыгы жогору экенин да белгилеген.

Белгилей кетсек, 13-июнда Израиль “Эл арстандай” аттуу операциянын башталганын жарыялаган. Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Ирандагы ядролук объекттерге сокку урупөлкөнүн негизги өзөктүк окумуштууларын жок кылганын билдирген. Ошол эле учурда Иран да Израилге бир нече ракеталык соккуларды уруу менен жооп берүүдө.