Иран максималдуу кысым астында АКШ менен түз сүйлөшүүгө барбайт

Тегеран коркутууларга жана максималдуу кысым саясатына байланыштуу АКШ менен түз сүйлөшүүгө барбайт, бирок “кыйыр сүйлөшүүлөргө жол ачык”.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдирди.

“Бул маселе боюнча биздин позициябыз толугу менен ачык. Иран айтылган коркутуулар жана максималдуу кысым саясаты астында карама-каршы тараптын Иранга жана иран элине карата мамилеси өзгөрмөйүнчө АКШ менен түз сүйлөшүүлөргө барбайт. Саясат жана күн сайын айтылып жаткан айыптоолорду эске алуу менен биз Америка тарап менен түз сүйлөшүүлөргө барбайбыз, бирок кыйыр сүйлөшүүлөргө жол ачык. Биз муну (кыйыр сүйлөшүүлөрдү – ред.) бир нече каналдар аркылуу жасай алабыз”, – деди Аракчи.

Анын айтымында, Тегерандын негизги милдети өлкөнүн жана анын элинин кызыкчылыгын коргоо жана бийлик аны аткаруу үчүн «бир да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайт».

Эске салсак, 7-мартта АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштаган билдирүү жөнөткөнүн жазган. Иран лидери Америка президентинин бул билдирүүсүнө комментарий берип жатып, анын өлкөсү АКШ менен диалогго барбай турганын, анткени Вашингтон өз кызыкчылыгын гана ойлой турганын баса белгилеген. 12-мартта Хаменеи Трамптын сүйлөшүүлөргө даярдыгы тууралуу сөздөрүн дүйнөлүк коомдук пикирди алдоо деп атаган.

2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.