Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрүнө кимдер катышат?

Иран менен АКШнын Оманда өтө турган кыйыр сүйлөшүүлөрүнө катыша турган расмий өкүлдөр аталды.

12-апрелдеги Омандагы жолугушууга Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана АКШнын атайын чабарманы Стивен Уиткофф  негизги сүйлөшүүчү болуп дайындалды.

Муну Ирандын ТИМ башчысы Tasnim агенттигине тастыктады.

Ирандын NourNews агенттигинин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөргө Омандын тышкы иштер министри Бадр бен Хамад бен Хамуд аль-Бусаиди да катышат.

7-апрелде АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегеран Ирандын өзөктүк программасы боюнча түз консультацияларды өткөрүп жатканын жана ал ишемби күнү “эң жогорку деңгээлде” улана турганын айткан. Ал белгилегендей, Америка Кошмо Штаттары Ислам Республикасынын өзөктүк келишими боюнча маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү артык көрөт.

Кийинчирээк Иран менен АКШнын кыйыр сүйлөшүүлөрү 12-апрелде Оманда башталарын Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи Х соцтармактагы баракчасынан билдирди.

“Иран менен АКШ жогорку деңгээлдеги кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн ишемби күнү Оманда жолугушат. Бул мүмкүнчүлүк жана ошондой эле сыноо. Топ Америка тарапта”, – деп билдирди Арагчи.

Эске салсак, февраль айында АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскерий аракеттердин ордуна аны менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирген. Март айынын башында Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеиге кат жөнөткөнүн, анда Тегеран менен ирандык өзөктүк программа боюнча келишим түзүүгө артыкчылык берерин билдирген. Андан соң Америка президенти Вашингтон Ирандын өзөктүк маселесин чечүүнүн эки мүмкүн болгон жолун — аскердик же дипломатиялык жолду карап жатканын белгилеп, сүйлөшүүлөргө артыкчылык берерин баса белгилеген.

27-мартта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран Трамптын жазган катына расмий жоопту Оман аркылуу жөнөткөнүн билдирген. Министрдин айтымында, жоопто эки документ бар. Биринчисинде Тегерандын дүйнөдөгү азыркы кырдаалга көз карашы белгиленсе, экинчисинде Трамптын катында камтылган тезистерге толук комментарий берилген.

Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран Трампка жазган жооп катында Вашингтон менен өзөктүк программа маселеси боюнча түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын, бирок ортомчулар аркылуу кыйыр диалогду улантуу дагы деле мүмкүн экенин билдирген.

2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.