Иран менен Россия Путиндин Ислам Республикасына боло турган сапарына даярданууда

Тегеран менен Москва Россиянын президенти Владимир Путиндин Иранга сапарына камданып жатышат. Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи билдирди.

“Россия президентинин Иранга сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планынын бир бөлүгү. Биз орус тарап менен [сапарды] уюштуруу боюнча даярдыктарды көрүп, консультацияларды өткөрүп жатабыз, ал тийиштүү убакта болот”, – деди дипломат журналисттерге.

Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Иранга иш сапары менен чакырылганын, бирок сапардын датасы азырынча макулдашыла электигин брифингде билдирди.

Путин Иранга биринчи жолу 2007-жылдын октябрында Каспий өлкөлөрүнүн экинчи саммитине катышуу үчүн барган. Дал ошондо ал өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен алгачкы жолугушуусун өткөргөн. Кийинки сапар сегиз жылдан кийин, 2015-жылы ноябрда Ирандын борборунда Газ экспорттоочу өлкөлөрдүн форуму өткөндө болгон.

Кийинки жолу Путин Тегеранга 2017-жылы ноябрда барган, анда ал жерде иран-орус-азербайжан сүйлөшүүлөрү жүргөн. 2018-жылдын сентябрь айында РФ лидери Ирандын борборунда Сирияны жөнгө салууга көмөктөшүү боюнча Астана процессинин кепил өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын үчүнчү жыйынына катышкан. 2022-жылдын июль айында Путин Астана форматынын жетинчи жыйынына катышуу үчүн Тегеранга дагы барган.

Россия президентинин Иранга жасаган беш сапары тең жумушчу мүнөздө болгон. Бирок тараптар  Путиндин республикага боло турган кезектеги сапары расмий болобу же жокбу такташкан жок.

Апрель айында Ирандын ТИМ башчысы Аббас Аракчи өлкө президенти Масуд Пезешкян Путинди Ислам Республикасына келүүгө чакырганын кабарлаган. Анын айтымында, иран тарап бул жылы болот деген үмүттө. Пезешкян Москвада быйылкы жылдын январь айында болгон. 17-январда Кремлде өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Россия Федерациясы менен Ирандын президенттери эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшкан.