Иран Москвадагы БРИКС өлкөлөрүнүн Эл аралык муниципалдык форумуна катышууда

Москвадагы “Экспоцентр” борбордук көргөзмө комплексинде БРИКС өлкөлөрүнүн VI Эл аралык муниципалдык форуму башталды. 27-28-августта өтө турган форумдун ишине Россиянын 89 аймагынан өкүлдөрү жана 126 өлкөнүн делегациялары – дүйнөнүн 500 шаарынан жалпысынан 5 миңден ашык адам катышат.

Быйыл бул форумга жакында эле уюмга толук кандуу мүчө болгон Иран биринчи жолу катышууда. Иш-чаранын расмий ачылышына Иран делегациясын жетектеп келген Тегеран Ислам кеңешинин башчысы Мехди Чамран, Тегеран шаардык кеңешинин Транспорт жана жол транспорту комиссиясынын мүчөсү Али Асгар Гаеми, Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали, ошондой эле Тегерандан башка аткаминерлер катышты.

Катышуучулар экономика, экология, санариптик технологиялар, шаардык инфраструктура, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданияттын актуалдуу маселелерин талкуулашат. Форумдун программасына 70тен ашык иш-чара кирет.

Форум ошондой эле катышуучуларга жаңы бизнес өнөктөштөрдү табуу жана муниципалдык бийлик жана бизнес өкүлдөрү менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Иш-чара РФ президентинин администрациясынын, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин, РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин, Соода-өнөр жай палатасынын жана Росконгресс фондунун колдоосу менен уюштурулду. Москва өкмөтү форумдун башкы өнөктөшү болуп саналат.

Форумда көргөзмө уюштурулуп, анын алкагында IV Эл аралык маалыматтык технологиялар көргөзмөсү өтөт.

2023-жылы БРИКСтин Эл аралык муниципалдык форуму Санкт-Петербург шаарында болуп, ага 7 миңден ашык адам, анын ичинде дүйнөнүн 200дөн ашык шаарынан келген чет элдик коноктор жана Россия Федерациясынын субъектилеринин өкүлдөрү катышкан. Форумдун жүрүшүндө 112 бизнес-программалык иш-чара болуп, 210 кызматташуу келишимине кол коюлган. 

БРИКС тобу 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай тарабынан түзүлүп, 2011-жылы ага Түштүк Африка кошулган. 2024-жылдын 1-январында Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия жана Эфиопия топтун толук кандуу мүчөсү болушкан.

Комментарий жиберүү