Иран Ормуз кысыгынын бир бөлүгүн убактылуу жапты

Иран Ормуз кысыгынын айрым аймактарын аскердик машыгуулар учурунда коопсуздук жана кеме жүрүү эрежелерин сактоо максатында бир нече саатка жапты.

Бул тууралуу Fars news маалымат агенттиги билдирди.

“Ормуз кысыгын акылдуу башкаруу” аскер-деңиз машыгуусу учурунда Ормуз кысыгынын айрым аймактары коопсуздук жана кеме жүрүү эрежелерин сактоону камсыз кылуу үчүн бир нече саатка жабылат”, – деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2FEurasiabugun%2Fvideos%2F2139144133525078%2F&show_text=true&width=560&t=0

Бул чечим Женевадагы Иран менен АКШнын ортосундагы өзөктүк программа боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасы менен дал келди.

Буга чейин ирандык маалымат каражаттары Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү “Ормуз кысыгын акылдуу көзөмөлдөө” аскердик машыгуулардын алкагында Ормуз кысыгында ракеталарды учурууну ишке ашырганын кабарлашкан.

Кысыктагы деңиз күчтөрүнүн машыгуулары 16-февраль күнү башталып, бөлүктөрдүн даярдыгын текшерүү жана кысыктагы коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайларга каршы аракеттенүү сценарийлерин иштеп чыгуу максатын көздөйт. Машыгуулардын негизги этабы 17-февралда башталган.