Иран орточо IQ боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Ал эми биринчи орунга Кытай, үчүнчү орунга Түштүк Корея жайгашты.
Статистиканы Эл аралык IQ реестри (International IQ Organization) келтирди.
Рейтинг 127 өлкөдөн 1 миллион 400 миң адам катышкан тесттин жыйынтыгы боюнча түзүлдү.
Бардык респонденттер интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн баалоо үчүн бирдей тапшырмаларды аткарышкан.

Кытайдын жашоочуларынын орточо көрсөткүчү 107,43, Ирандыкы – 106,63, Түштүк Кореяныкы – 106,57.
Статистикада төртүнчү жана бешинчи орунду Япония (106,54 балл) жана Сингапур (105,25 балл) ээледи. 2024-жылы дүйнөлүк орточо IQ 100 балл деп белгиленген.
Алтынчы орунду ээлеген россиялыктардын орточо IQ деңгээли 103,31 баллды түзгөн. Натыйжа 2023-жылдан бери жакшырды, орусиялыктардын орточо IQ деңгээли 100,64 баллды түзгөн.

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда орточо IQ 95 балл болуп, 84-орунду ээледи. Бул көрсөткүч былтыркыдан 1,54 пунктка жогору.
Казакстанда орточо IQ 97,27 (65-орун), Өзбекстанда 96,98 (70-орун), Тажикстанда 93,75 (96-орун).