Иран парламентинин төрагасы: Иран Жогорку лидердин жолун улантат

Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф өлкөдөгү акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу элге кайрылуу жасады.

Галибаф Иран АКШ менен Израилдин кол салууларына даяр болгонун жана бардык мүмкүн болгон сценарийлерди даярдап койгонун билдирди.

“Биз өзүбүздү бардык мүмкүн болуучу сценарийлерге даярдаганбыз, ал тургай жогорку лидер каза болгондон кийинки аракеттер да пландалган,” — деди Галибаф мамлекеттик телеканалдын түз эфиринде.

Ал ошондой эле АКШ президенти Дональд Трамп менен Израил премьер-министри Беньямин Нетаньяхуна кайрылып, АКШ менен Израиль “бардык кызыл сызыктардан өтүшкөнүн” кошумчалады.

Галибаф Жогорку лидердин шейит болушуна токтолуп, генерал Касем Сулеймани шейит болгондон да оор жагдайга туш болом деп ойлогон эместигин билдирди.

“Касем Сулеймани шейит болгондо, жашоомдогу эң кайгылуу күндөрдү баштан кечирип жатам деп ойлогом. Мен үчүн дүйнө токтоп калгандай сезилген. Бирок андан да оор күндөр келерин эч качан элестеткен эмесмин. Бүгүн Жогорку лидердин биздин арабызда жок экенине ишенүү мен үчүн абдан оор”,- деп билдирди ал.

Мындан тышкары, Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Калибаф өз сөзүндө өлкө жарандарына, анын ичинде бийликке сын көз караш менен карагандарга кайрылды.

Ал белгилегендей, элде акыйкат нааразычылыктар бар экенин түшүнөт. Бирок Галибаф элди Ирандын душмандарынын оюнуна катышпоого чакырды. Ал кошумчалагандай, учурдагы жетекчилерди кабыл албаса да, өлкөгө болгон сүйүү жогору турушу керек.

“Силер бизди кабыл албасаңар да, Иранга болгон сүйүүңөр бар. Эч бир акылдуу адам бөтөн элдин кылмышкерлеринин тарабына өтүүгө макул болбойт”, — деди Галибаф.

Ал шейит болгондорго, анын ичинде Али Хаменеи жана Рухулла Хомейниге Ислам Иранын жоюуга жол беришпестигин, жүз миллиондогон адамдардын үмүтү өчпөй турганын убада кылабыз деп билдирди.