Иран президентинин инаугурациясына 60 өлкөнүн өкүлдөрү катышат

Ирандын шайланган президенти Масуд Пезешкяндын инаугурация аземине кеминде 60 өлкө өз делегацияларынын катыша тургандыгын тастыкташты.

Бул тууралуу Иран Межлисинин (парламентинин) президиумунун мүчөсү Можтаба Юсуфи билдирди.

“Азыркы тапта 60 өлкө президенттин инаугурация аземине катышарын жарыялап, өз делегацияларынын катышуусун ырасташты”, – деди Юсифи.

Анын айтымында, 60 өлкөнүн делегациялары ар кандай деңгээлдеги өкүлдөр болот. Анын ичинде 4 президент, 12 парламенттин башчысы жана 7 премьер-министр болот.

10-июлда Юсуфи Пезешкиандын ант берүү аземи (инаугурация) 30-июлда Межлистин имаратында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи 28-июлда шайланган президентти кызматка бекиткен жарлыкка кол койгондон кийин болорун билдирген.

Эске салсак, Масуд Пезешкиан Иранда президенттик шайлоонун 5-июлда өткөн экинчи айлампасында жеңип чыккан. 69 жаштагы Пезешкиан атаандашы Саид Жалилини 53,7% добуш менен утуп алган. Жалилини шайлоочулардын 44,3% колдогон.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Комментарий жиберүү