Иран президентинин өмүрүн алган тик учактын кыйрашынын негизги себеби айтылды

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Ислам республикасынын маркум президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учактын кулашына снаряд, радиоэлектрондук күрөш, электромагниттик же лазердик курал себеп болгон деген божомолду толугу менен жокко чыгарды.

“Эксперттер тик учактын чабуулчу жана коргонуучу курал системалар, радиоэлектрондук күрөш каражаттары, лазерлер же электромагниттик талааны түзүү менен кулатуу мүмкүндүгүн изилдеп чыгышты. Алар кырсыкка бул каражаттардын кийлигишүүсү себеп болгон деген версияны жокко чыгарышты”, – деп айтылат тергөөнүн жыйынтыгы боюнча ведомствонун маалыматында.

Билдирүүгө караганда, тик учактын кыйрашына – жаз мезгилиндеги аймактын татаал климаттык шарттары, тактап айтканда, тик учак көтөрүлүп баратканда капыстан коюу тумандын пайда болушу жана тик учактын тоого кагылышы негизги себеп болгон.

Ошондой эле билдирүүдө соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында каза болгондордун денесинен эч кандай шектүү заттар табылган эместиги айтылат.

Мындан тышкары, эксперттер тик учактын техникалык абалына тиешелүү бардык документтерди изилдеп чыгып, ал оңдолуп, белгиленген тартипте текшерилген деген жыйынтыкка келишкен. Ал эми учкучтар алдын ала белгиленген маршрут боюнча жүрүп, берилген учуу жолунан чыгышкан эмес.

Эске салсак, Иранды 2021-жылдан бери башкарып келген Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгында каза болгон. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Аль-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып кыйраган. Кырсыктан аман калгандар болгон эмес.

Комментарий жиберүү