Иран Израилдин түндүктөн түштүккө чейинки бардык аймагына ракеталык жана учкучсуз учактар менен чабуулдарды жасады.
Сокку урууда катуу отундуу жана суюк отундуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учактар колдонулган.
Бул тууралуу Ислам революциясынын сакчылар корпусунун билдирүүсүнө таянуу менен Tasnim агенттиги жазды.
Сакчылар корпусу чабуул бүгүн, 23-июнда эртең менен жасалганын билдирди. Бул Израилге каршы “Чындык убада-3” жооп операциясынын 21-толкуну болду.
Ирандын ракеталык соккулары Израилдин бир катар шаарларындагы, анын ичинде Тель-Авив, Хайфа, Ашкелон, Ашдод жана башка шаарлардагы буталарга багытталды.
Ирандын аба күчтөрү сокку урууда “Хейбар Шекан”, “Эмад”, “Кадр” жана “Фаттах-1” баллистикалык ракеталарын колдонгон.
“Бул операцияда биринчи жолу Хайбер (Кадр Н) баллистикалык ракетасы колдонулуп, жаңы тактикалар менен дагы так, кыйратуучу жана эффективдүү сокку урулду жана түндүктөн түштүккө жана сионисттик режимдин борборуна чейин басып алынган аймактардын бүтүндөй стратегиялык буталары аткыланды”, – деп айтылат маалыматта.
“Эмад” баллистикалык ракетасы 750 килограмм пайдалуу жүктү көтөрө алат, анын учуу аралыгы 1,7 миң километрге жетет. “Хейбар Шекандын” жарыяланган максималдуу учуу аралыгы 1,5 миң километрге жакын, “Кадр” ракетасы – 2 миң километрге жакын. Фаттах – 1,4 миң километр аралыкка уча турган гиперүндүү ракета.
13-июнда Израил Иран аймагындагы өзөктүк жана аскерий объектилерге кол салган. 22-июнга караган аскердик аракеттерге АКШ кошулуп, Ирандын Натанз, Фордо жана Исфахан шаарларындагы үч өзөктүк объектисине сокку урду. Кол салуу, Вашингтондун айтымында, Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу же олуттуу түрдө алсыратуу максатында жасалган.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран өзүнүн коопсуздугун жана өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо үчүн бардык чараларды көрө турганын айтты.
Ирандын Атомдук энергия боюнча уюму Ирандын өзөктүк өнөр жайынын өнүгүүсү токтобой турганын билдирди.