Иран расмий өтүнүч түшсө, Сирияга аскер жөнөтүүгө даяр

Эгерде Иран Дамасктан тиешелүү расмий өтүнүч алса, анда Сирияга өз күчтөрүн жөнөтүү маселесин кароого даяр.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Сириядагы террордук топтордун активдешүүсүнүн фонунда билдирди.

“Дамаск расмий өтүнүч менен кайрылса, Иран Сирияга аскерлерин жөнөтүү маселесин кароого даяр”, – деп Аракчи араб тилдүү “Al-Araby Al-Jadeed” басылмасына берген маегинде билдирди.

зБуга чейин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Сириядагы террордук активдүүлүк күчөп жаткан шартта Жакынкы Чыгыш аймагындагы өлкөлөргө сапарын баштаган. Ал буга чейин Дамаскка барып, Сирия Араб Республикасынын президенти Башар Асад менен жолугуп, Тегерандын Сирия өкмөтүнө кайрылуусун жеткирген, ошондой эле Ирандын Сириянын армиясы менен өкмөтүн террордук топторго каршы күрөштө колдоорун ырастаган. Аракчинин кийинки барган жери Анкара болуп, түрк кесиптеши Хакан Фидан менен жолугушкан.

Иран бийлиги буга чейин Сириядагы кырдаалга байланыштуу Араб Республикасына терроризмге каршы күрөштө бардык зарыл жардамдарды берүүгө даяр экенин билдирген.

27-ноябрь күнү эртең менен “Хаят Тахрир аш-Шам” (мурдагы Жабхат ан-Нусра) террордук тобунун түзүмдөрү Сириянын түндүгүнө масштабдуу чабуул жасашты. Террордук топтор Сириянын куралдуу оппозициясы деп аталган бир катар куралдуу түзүмдөр менен биргеликте 29-ноябрда Идлибдин түндүгүнгөн Алеппо жана Хама шаарларын көздөй жылып, масштабдуу операция баштаган. Бир күндөн кийин, 30-ноябрда Сириянын экинчи чоң шаары жана анын айланасы, анын ичинде эл аралык аэропорт жана Кувейрис аскердик аэродрому террорчулардын көзөмөлүнө өткөн.

Алеппонун согушкерлер тарабынан толук алынышы Сирияда 2011-жылы кризис башталгандан бери биринчи жолу болду. 2016-жылдын аягына чейин куралдуу оппозиция шаардын чыгыш бөлүгүн гана көзөмөлдөп, Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн колдоосу менен Сирия армиясы тарабынан сүрүлүп чыгарылган.

Алеппо алынгандан кийин террордук топтор Маарет Нууман айылын басып алып, Хама шаарын көздөй жылууга аракет кылышкан. Алеппо провинциясынын түндүгүндө, Тель-Рифаат конушунун аймагында күрт күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарга тереңирээк кирүүгө аракеттер көрүлүүдө.

Сирия армиясынын командачылыгы өз кезегинде 1-декабрда Хамада террорчулардын илгерилеши токтотулуп, өкмөттүк аскерлер каршы чабуулга өтүп, мурда террористтер басып алган бир катар калктуу конуштарды бошотконун жарыялады.

Апта башынан бери Сирия армиясы 1600дөн ашуун террорчуну жок кылганын Сириянын мамлекеттик телеканалы “Аль Ахбар” билдирди.