Иран тарап Сириядагы бийликтин алмашуусуна комментарий берди

Сириянын тагдырын жана келечегин аныктоо жоопкерчилиги башка мамлекеттердин кийлигишүүсүз жана тышкы таңуулоосусуз бир гана анын калкына жүктөлөт.

Мындай билдирүүнү Ирандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы бийликтин алмашуусуна комментарий берип таратты.

8-декабрга караган түнү өкмөткө каршы сириялык козголоңчулар Башар Асаддын режими кулаганын жарыялашты. Баш калаа Дамаск козголоңчулардын чабуулунан эки жума өтпөй эле алардын колуна өттү. Башар Асад учак менен Москвага чыгып кетти, өлкөнүн премьер-министри Мухаммед Гази аль-Джаляли бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Премьер-министр ошондой эле “Хаят Тахрир аш-Шамдын” жетекчилиги менен байланыш түзгөнүн айтты. Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Асад президенттик кызматтан кетип, өлкөдөн чыгып кеткенин, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү боюнча көрсөтмө бергенин ырастады.

“Сириянын тагдырын аныктоо жана келечегине байланыштуу чечимдерди кабыл алуу чет элдик державалардын деструктивдүү кийлигишүүсүсүз же таңуулоосусуз бул өлкөнүн элинин өзгөчө укугу”, – деп айтылат Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.

Мекеме белгилегендей, бул максатка жетүү үчүн аскердик кагылыштарды тезирээк токтотуу жана террордук чабуулдардын алдын алуу керек жана Сириянын бардык калкынын өкүлдөрүн камтыган инклюзивдүү өкмөттү түзүү максатында сириялык коомду түзгөн бардык катмарлардын катышуусу менен улуттук диалогду баштоо зарыл.

“Ирандын позициясы Сириянын биримдигин, улуттук эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого негизделген. Иран Ислам Республикасы бул багытта БУУ менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүдө ошондой эле Иран менен Сириянын ортосундагы мамилелер узак тарыхка ээ жана ар дайым достук мамиледе болгону, Дамаск менен болгон мамиле эки өлкөнүн даанышман жана келечекти ойлогон мамилеси астында, жалпы кызыкчылыктардын негизинде жана эл аралык укуктук милдеттенмелерди жана келишимдерди сактоо менен уланат деген ишеним билдирүүсү белгиленет.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Иран Сириядагы жана аймактагы окуяларга кылдат көз салып жатканы жана Сириянын саясий аренасындагы негизги оюнчулардын аракеттерин жана жүрүм-турумун эске алуу менен, тиешелүү мамиле жана позицияларды карманары айтылат.

Сирия эли өлкөнүн тагдырын тышкы кийлигишүүсүз чечиши керек 

Ирандын президенти Масуд Пезешкян Сирия эли өз өлкөсүнүн тагдырын, анын саясий жана мамлекеттик түзүлүшүн өзү чечиши керек деген пикирин билдирди.

Пезешкиан Ирандын башчысы өз ара түшүнүшүүгө жетишүү үчүн Сирия коомунун түрдүү секторлору ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн баса белгилеп, аскердик жаңжалга тез арада чекит коюуга жана зордук-зомбулукту токтотууга үмүттөнөрүн билдирди.

«Сирия эли тынч чөйрөдө, кыйратуучу тышкы кийлигишүүсүз, Сирия элинин улуулугуна ылайыктуу чечимдерди кабыл алышы керек», – деди ал.