Тегеран терроризмге каршы күрөштө Сириянын өкмөтүнө, армиясына жана элине колдоо көрсөтүүнү улантат.
Бул тууралуу Ирандык тышкы иштер министри Аббас Аракчи Сириянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Бассам Саббаг менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.
28-ноябрда Сириянын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы 27-ноябрдын таңында “Жабхат ан-Нусра” экстремисттик тобунун түзүмдөрү Араб Республикасынын түндүгүндө ири чабуул жасаганын жарыялаган. Сирия армиясынын маалыматы боюнча, террорчулар Сириянын калктуу конуштарына жана аскердик объектилерине кол салууга аракет кылып, өкмөттүк күчтөрдүн турумдарына кол салышкан. Сирия армиясы чабуулга жооп кайтарган. Аскерлер Алеппо шаарынын батыш тарабындагы согушкерлердин камсыздоо линияларына жана Идлибдеги террордук топтордун чогулган жерине чабуул коюшкан.
Сириядагы Согушуп жаткан тараптарды элдештирүү борборунун жетекчисинин орун басары, биринчи даражадагы капитан Олег Игнасюк сириялык аскерлер Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн колдоосу менен кеминде 400 радикал исламчыны жок кылганын билдирди.
Сириянын тышкы иштер министри Бассам Саббаг өлкөнүн түндүк аймактарында террордук топтордун кол салууларынан кийинки согуш талаасындагы абал тууралуу маалымат берди. Ал Сирия өкмөтү жана эли террордук топтордун кол салууларына болгон күчү менен туруштук берип жатканын жана мурдагыдай эле террорчулар жана алардын колдоочулары өздөрүнүн ыплас максаттарына жете алышпай турганын баса белгиледи.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи Араб республикасынын түндүгүндө согушкерлердин активдешүүсү “израилдик режимдин Газа тилкесинде жана Ливанда жеңилишинен улам аймакты туруксуздаштыруу боюнча америкалык-израилдик пландын бир бөлүгү” деп белгиледи.
Арагчи Тегеран “терроризмге каршы күрөштө Сириянын өкмөтүн, армиясын жана элин колдоону улантаарын” баса белгиледи.