Иран ТИМи: Сириядагы террорчулар АКШ менен координацияда аракеттенүүдө

Сириянын түндүгүндө 27-ноябрда активдешкен террордук топтор АКШ менен координацияда аракеттенүүдө.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи билдиргенин IRNA агенттиги жазды.

“Бул кара тактар ​​Сириянын аймагында туура эмес эсептөөлөрдөн жана Кошмо Штаттардын айрым аймактарды оккупациялоосунан улам буга чейин эле болгон. Мунун (Сириянын түндүгүндөгү террордук чабуул — ред.) Ливандагы ок атышууну токтотууга дал келиши жана америкалык бийликтердин бул террордук топтор тараптан эч кандай коркунуч сезбей жаткандыы тууралуу билдирүүлөрү бул террорчулар менен АКШнын ортосунда координация бар экенин көрсөтүп турат”, – деди Багаи маалымат жыйында.

Анын айтымында, Сириядагы окуялардын негизги бенефициары Израил болуп саналат.

“Ливандагы элдешүүдөн кийин террористтердин күчөшү жөн эле кокустук деп айта алабыз, бирок бул террордук топтордун тарыхына көз чаптырсак, бул жөн эле кокустук эмес экенин түшүнөсүңөр”, – деп белгиледи дипломат.

Ал ошондой эле АКШнын аскерлеринин Сирияда болушу республиканын мыйзамдарын бузуп, террористтердин Сирияда калышына жол бергенин айтты.

“АКШнын Сириядагы аскерий болушу сириялык айрым эрежелерди жана мыйзамдарды бузуу болуп саналат жана террорчулардын Сирияда болуусунун уланышы АКШнын бул өлкөдө болушунун натыйжасы”, – деди Багаи.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Сирияда болуп жаткан окуялар АКШ үчүн коркунуч туудурбай турганын, ИМ террорчулары америкалык кызыкчылыктарга эч качан коркунуч келтирбегенин баса белгиледи.

“Эгерде АКШнын Сириядагы аскерий болушунун максаты “Ислам мамлекети” террордук тобу менен күрөшүү болсо, анда бул топ Сирияда эмне кылып жүрөт жана “Хаят Тахрир аш-Шам” кандайча иш алып барып жатат?, ” деди ал.

Белгилей кетсек, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Сирияда террордук активдүүлүк күчөп жаткан шартта Жакынкы Чыгыш аймагындагы өлкөлөргө сапарын баштады. Жекшемби күнү ал Дамаскка барып, Сирия Араб Республикасынын президенти Башар Асад менен жолугушуп, Тегерандан Сирия өкмөтүнө кайрылуусун жеткирди, ошондой эле Ирандын террордук топторго каршы күрөштө Сириянын армиясы менен өкмөтүнө колдоосун ырастады. Аракчинин кийинки бара турган жери Анкара болду.

27-ноябрь күнү эртең менен “Жабхат ан-Нусра” экстремисттик тобунун түзүмдөрү Сириянын түндүгүндө масштабдуу чабуул жасашты.

Сириянын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгынын билдирүүсүнө ылайык, террористтер Сирия армиясынын жана аскерий объектилеринин коргоосунда турган айылдарга жана шаарларга кол салууга аракет кылып, өкмөттүк күчтөрдүн позицияларына чабуулун улантышкан. Сирия армиясы чабуулдун мизин кайтаруу операциясын баштады.

30-ноябрда Куралдуу күчтөрдүн командачылыгы армия Алеппо шаарынын көптөгөн райондоруна кирген террористтердин позицияларына сокку уруп, кошумча күчтөрдү күтүп жатканын кабарлаган. Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Сирия армиясы карапайым калктын жана аскер кызматкерлеринин өмүрүн сактап калуу жана контрчабуулга даярдануу үчүн өз күчтөрүн кайра топтоого аргасыз болгон.

Сирияда куралдуу кагылышуу 2011-жылдан бери уланып келет. Армия өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн бошоткондон кийин Сириянын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы чөлдүү аймактарда террорчулардын чачыранды топтору аракеттерин улантууда. Террорчулар маал-маалы менен трассалардагы жарандык жана аскерий унааларга кол салууларды уюштуруп, алыскы айылдардын тургундарын коркутуп турушат. Сирия армиясы бүгүнкү күнгө чейин калган согушчан топторду жок кылуу үчүн активдүү максаттуу операцияларын улантып келген.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *