Иран ТИМи: Тегеран Батыштын талаптарына баш ийбейт

Иран Батыш өлкөлөрүнүн тынч атомду өнүктүрүү укугунан ажыратууга багытталган талаптарына баш ийбестигин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи “Синьхуа” агенттигине берген маегинде билдирди.

2025-жылдын 28-августунда Улуу Британия, Франция жана Германия (“евроүчтүк”) БУУнун Коопсуздук кеңешине 2015-жылдагы өзөктүк келишим аркылуу токтотулган эл аралык санкцияларды кайра калыбына келтирүү механизмин ишке киргизүү жөнүндө кабарлаган. Бирок санкциялар дароо күчүнө кирбейт, алгач Коопсуздук кеңешинде санкциялардын токтотулушун улантуу боюнча резолюция добушка коюлушу керек. Эгер мындай резолюция 30 күндүн ичинде кабыл алынбаса, санкциялар кайрадан күчүнө кирет. Европалык өлкөлөр бул кадамды учурдагы келишимдин мөөнөтү 2025-жылдын октябрынын ортосунда аяктап жатканга бир жарым ай калганда жасашты.

“Биз Өзөктү куралды жайылтпоо келишиминин катышуучусу болуп турган чакта өзүбүздүн укуктарыбыздан пайдалана алышыбыз керек. Иран алардын мыйзамсыз талаптарына баш ийбейт”, — деди Багаи.

Ал кошумчалагандай, 2018-жылы АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы санкцияларды калыбына келтиргенден кийин, “евроүчтүк” өз милдеттенмелерин аткарган эмес. Ошондуктан аларда мындай механизмди иштетүүгө укуктук негиз жок.

“Көрүп турганыбыздай, бул үч европалык өлкө жөн гана АКШнын көрсөтмөсү менен иш алып барууда”, — деп белгиледи ал.

Иран “евроүчтүктүн” бул кадамын мыйзамсыз деп атап, алар келишимди көп жолу бузганын белгилеп, жооп кайтарарын билдирди. Германия болсо, санкцияларды кайра калыбына келтирүү механизмин ишке киргизүү чечими Иран менен жаңы сүйлөшүүлөргө жол ачышы мүмкүн экенин билдирди.

2015-жылы Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, АКШ, Франция жана Иран өзөктүк келишимге кол коюп, анын алкагында санкциялар алынган, ал эми Иран өзүнүн атомдук программасына чектөөлөрдү киргизген. Бирок 2018-жылы Дональд Трамптын президенттигинин алгачкы мөөнөтүндө АКШ келишимден чыгып, санкцияларды кайра киргизген. Буга жооп кылып, Иран келишимдеги милдеттенмелерин этап-этабы менен азайтып, өзөктүк изилдөөлөр жана уранды байытуу деңгээлин чектөө боюнча чектөөлөрдөн баш тарткан.

Өзөктүк куралды жайылтпоо келишими — БУУнун Куралсыздануу комитети тарабынан иштелип чыккан эл аралык келишим. Анын максаты — өзөктүк куралга ээ өлкөлөрдүн санын кеңейтүүгө жол бербөө.