Иран ТИМи: Убакыт азыр Израиль тарапта эмес

Израиль ливандык “Хезболла” кыймылынын жөөт мамлекетинин аймагына жасаган чабуулунун алдын ала жана мизин кайтара алган жок. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Насер Канани билдирди.

«Дайыма өз аймагын кеңейтүүнү максат кылып келген оккупациялык режим (Израиль – ред.) азыр өз жеринин тереңинде соккулардан коргонууга аргасыз болуп, союздаштарынын, анын ичинде АКШнын  толук колдоосуна карабастан, ал чабуулдун убактысын жана ордун алдын ала айта алган жок, ал тургай каршылык күчтөрүн чектелген жана көзөмөлдөнгөн операциясына да каршы тура алган жок», – деп жазган дипломат X (мурдагы Twitter) баракчасына.

Анын айтымында, Израиль армиясынын жеңилбестиги жөнүндөгү миф эчак эле куру ураанга айланган, ал эми Израилдин армиясы эффективдүү чабуул коюу жана коргонуу күчүн жоготту жана азыр стратегиялык чабуулдардан коргонууга аргасыз болууда.

Канани баса белгилегендей, каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн чабуулдары оккупацияланган аймактарга терең жайылды.

Кырдаалдын курчушу

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын жаңы курчушу Тегеранда палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания каза болгондон жана Бейрутта “Хезболла” кыймылынын аскердик канатынын командирлеринин бири Фуад Шокр жок кылынгандан кийин башталды.

Иран, ХАМАС жана Хезболла бул окуя үчүн Израилди айыптап, Хания менен Шокрдын өлтүрүлүшүн жоопсуз калтырбай турганын билдиришти. Хуситтер да Израилдин аракеттерине аскерий жооп кайтаруу зарылдыгын бир нече жолу билдиришкен.

Буга чейин Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз кызматы 25-август күнү эртең менен Хезболла кыймылынын Израилдин аймагына ракеталык сокку урууга даярдануусуна байланыштуу согуштук учактар ​​Ливандагы кыймылдын буталарына чабуул жасаганын билдирген. Израилдин коргоо министри Йоав Галант өлкөдө 48 саатка чукул кырдаал киргизилгенин жарыялаган.

Кийинчерээк Хезболла Израилди көздөй 230 ракета жана 20 дрон кое берген.

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (IDF) өкүлү Даниэль Хагари Хезболла тарабынан атылган ракеталардын көбү “Израилдин аймагына бараткан жолдо, же адам жашабаган аймакка түшкөн, же Израилдин аба күчтөрүнүн жана деңиз флотунун кемелеринин абадан коргонуу системалары тарабынан тосулуп алынганын билдирди.

Ошол эле учурда “Хезболла” кыймылынын күчтөрү пилотсуз учактарын Тель-Авивдин чет жакасындагы көздөгөн максатына жеткире алышканын кыймылдын баш катчысы Хасан Насрулла билдирди.

«Биз 8200-чалгындоо бөлүмүн камтыган Израилдин аскердик чалгынына таандык Глилот базасына сокку урдук. Бул база Ливандан 110 километр алыстыкта жайгашкан. Глилот Тель-Авивге жакын болгондуктан бүгүнкү соккунун негизги максаты болдубу? Ооба, ошондой”, – деди Насрулла Al-Manar телеканалынын түз эфиринде.

“Хезболланын” массалык соккусу кыймылдын улук командири Фуад Шокрдын өлтүрүлүшүнө жооп иретинде жасалды.

Комментарий жиберүү