Иран ТИМи: Учурда Иран менен АКШнын ортосунда эч кандай сүйлөшүүлөр жок

Иран АКШ президенти Дональд Трамптын Тегеран менен Вашингтон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу билдирүүсүн расмий түрдө четке какты. Ислам республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эсмаил Багаи учурда эки өлкөнүн ортосунда эч кандай сүйлөшүү процесси жок экенин белгиледи.

Буга чейин Дональд Трамп Иран менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирип, Тегеран да бул багытта кызыкчылыгын көрсөтүп жатканын айткан.

“Менимче, алар келишимге абдан кызыкдар. Мен бул үчүн ачыкмын, биз алар менен сүйлөшүп, бул процессти баштап жатабыз”, – деген Трамп.

Багаи Вашингтон Иранга карата аскердик басым көрсөтүүнү улантып жатканда, Тегеран АКШ менен диалог жүргүзбөйт деген салттуу позициясын кайталады.

Ал белгилегендей, “өз ара урмат-сыйга ишенбеген жана Иранга каршы аскердик агрессия менен сыймыктанган тарап менен сүйлөшүүлөрдүн логикалык негизи жок”.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылы АКШ менен Ирандын Оман ортомчулугу аркылуу жүрүп жаткан кыйыр сүйлөшүүлөрүнүн беш айлампасы Израилдин, андан кийин АКШнын Иран аймагындагы объектилерге сокку уруусунан кийин ийгиликсиз аяктап, үзгүлтүккө учураган.

13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Израилдин Ирандын өзөктүк, аскердик жана жарандык объекттерине жасаган аба соккуларында 1000ден ашуун адам, алардын ичинде жогорку аскер жетекчилери, өзөктүк илимпоздор жана жай тургундар (аялдар жана балдар) каза болушкан.

Бир суткага жетпей Ислам Республикасы жооп чабуулун жасай баштаган. Америка Кошмо Штаттары жаңжалга тогуз күндөн кийин кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объектилерине сокку урган. 23-июнь күнү кечинде Иран жооп ирээтинде Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейд авиабазасына чабуул койгон. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышпоо жарыялоого макул болгонун жарыялап, ал 24-июндан тарта күчүнө кирген.