Иран ТИМи: ХАМАСтын Израилге каршы операциясы Палестинанын оккупацияга каршы күрөш тарыхында бурулуш учур болду

Ирандын Тышкы иштер министрлиги палестиналык ХАМАС кыймылынын мындан бир жыл мурун Израилге каршы жарыялаган “Аль-Акса топон суусу” операциясынын бир жылдыгына байланыштуу билдирүү жасап, бул операцияны сионисттик режимдин оккупациясына жана зулумуна каршы Палестина элинин мыйзамдуу күрөшүнүн тарыхындагы маанилүү учур деп мүнөздөдү.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Палестина аймактарынын басып алынганынан бери 76 жыл өткөнүн, анын натыйжасында эзилген элдин укуктары, атап айтканда, өз тагдырын өзү аныктоо жана жашоо укугу одоно түрдө бузулуп келе жатканы белгиленет.

«Сионисттик режим Палестина жерлерин басып алган ондогон жылдар бою Батыш өнөктөштөрүнүн, өзгөчө АКШнын ачык жана тымызын колдоосу менен палестиналыктарга каршы геноцид, аларды сүрүп чыгаруу жана ыйык жерлерди кордоо саясатын жүргүзүп келген», – деп кошумчалады мекеме.

Министрлик, 2023-жылдын 7-октябрындагы “Аль-Акса топон суусу” операциясынын алкагында Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын оккупацияга каршы күрөш тарыхында бурулуш учур болгонун баса белгиледи.

Эске салсак, Израиль Газадагы эң кандуу жана кыйратуучу аскердик кампаниялардын бирин былтыр 7-октябрда ХАМАС кыймылы Израилге каршы “Аль-Акса топон суусу” операциясын жарыялап, ракеталык сокку уруп, ХАМАС жоокерлери жөөт мамлекетинин түштүк аймактарына кирип барып, 250дөй кишини барымтага алып кетишкенден кийин баштаган. Анда Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алганы айтылган.

Жооп иретинде ЦАХАЛ ХАМАСка каршы “Темир кылыч” операциясын баштап, чабуул жасалгандан бир нече күн өткөн соң Газа менен чектешкен калктуу конуштарды кайра өз көзөмөлүнө алып, сектордун аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Мындан тышкары, аймакты толугу менен блокадалап, суу, азык-түлүк, электр кубаты, дары-дармек, отун ташуу токтотулган.

Чатак башталгандан дээрлик үч жума өткөндөн кийин Израиль Газа тилкесинде кургактыктан операция баштаган жана Палестина анклавы иш жүзүндө түштүк жана түндүк бөлүккө бөлүнгөн. Май айында Израиль армиясы ХАМАСтын акыркы таянычы деп эсептеген Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына операция баштаган.

Андан бери Газада кеминде 41,9 миң адам каза болду, алардын көбү аялдар жана балдар. Ошондой эле 97,1 миңден ашуун палестиналык ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышты. Израилдин Газада жүргүзгөн согуштук аракеттери адам өмүрүн алып гана тим болбостон, ошондой эле Газанын талкаланып, урандыга айланышына алып келди

Комментарий жиберүү