Иран Трампка кол салуу аракетине катыштыгы бар деген дооматтарды четке какты

Иран Дональд Трампты Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири, генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүндөгү ролу үчүн жоопко тартууга чечкиндүү, бирок Тегерандын жакында Трампка кол салуу аракетине тиешеси бар деген айыптоолорду четке кагат.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаани билдирди.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” элиталык атайын аскер бөлүгүнүн колбашчысы генерал Сулеймани 2020-жылдын 3-январында АКШнын Багдаддагы аба соккуларында өлтүрүлгөн. Генерал Сулеймани АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын буйругу менен жок кылынган.

Буга чейин CNN телеканалы маалымдар булактарына таянып, АКШнын чалгын кызматтарына Иран Дональд Трампка кол салууну пландап жатканы тууралуу имиш маалымат түшкөнүн, бул АКШ бийлигин Ак үйдүн мурдагы кожоюнунун коопсуздугун күчөтүүгө түрткөнүн билдирген. Бирок, телеканалдын булактары Пенсильванияда Трампка ок чыгарууга шектелген Томас Крукстун ирандык кутумга эч кандай тиешеси жок экенин белгилешкен.

“Иран Ислам Республикасы Трампты генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүндөгү түздөн-түз ролу үчүн жоопко тартууга чечкиндүү… бирок жакында Трампка куралдуу кол салуу аракетине ар кандай кийлигишүүнү жана Ирандын мындай кадамга баруу ниети тууралуу дооматтарды чечкиндүү түрдө четке кагат жана мындай билдирүүлөрдү бир жактуу саясий максаттар жана мотивдер деп эсептейт”, – деген Кананинин сөзү ведомствонун расмий сайтында келтирилет.

Трамптын өмүрүнө кол салуу аракетине Ирандын тиешеси бар деген дооматтарды Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлчүлүгү да четке какты.

Иран миссиясынын расмий өкүлү мындай айыптоолорду “негизсиз” деп атады.

“Иран Ислам Республикасынын көз карашы боюнча, Трамп генерал Касем Сулейманини өлтүрүүгө буйрук бергендиги үчүн соттолуп, жазаланышы керек болгон кылмышкер деп эсептелет. Бирок Тегеран аны жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамдуу жолду тандады”, деп билдирди ирандык дипломат.

Эске салсак, 13-июлда АКШнын президенттигине талапкер болуп жаткан Дональд Трампка Пенсильвания штатында шайлоочулардын алдында сүйлөп жатканда кол салуу аракети болгон. Трамптын кулагына ок тийген. Трампты жансакчылары жана атайын кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерден дароо алып чыгып кетишкен. Атышуу учурунда жыйынга келгендердин бири каза таап, экөө жараат алган.

Аткан кишини дароо жок кылынган. Ал 20 жаштагы Томас Мэтью Крукс аттуу жергиликтүү тургун экени белгилүү болгон.

Комментарий жиберүү