геран АКШнын президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк программасы боюнча катына жооп кайтарганын Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
“Трамптын катына Ирандын расмий жообу кечээ (шаршемби)… тиешелүү түрдө жана Оман аркылуу жөнөтүлдү”, – деди министр IRNA агенттигине.
Аракчинин айтымында, жоопто Ирандын азыркы кырдаалга көз карашы жана АКШ президентинин катындагы тезистер толук берилген.
Ал ошондой эле Ирандын саясаты максималдуу кысымдын жана аскердик коркутуулардын шарттарында түз сүйлөшүүлөргө барбоо саясаты бойдон каларын, бирок кыйыр сүйлөшүүлөр, мурдагыдай эле, улана берерин, кыйыр сүйлөшүүлөрдү мурдагы президенттер Хасан Роуханинин өкмөтү да, маркум Ибрахим Раисинин өкмөтү да жүргүзгөнүн кошумчалады.
Март айынын башында АКШнын президенти Дональ Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеиге кат жөнөткөнүн, анда Тегеран менен ирандык өзөктүк программа боюнча келишим түзүүгө артыкчылык берерин билдирген. Андан соң Америка президенти Вашингтон Ирандын өзөктүк маселесин чечүүнүн эки мүмкүн болгон жолун — аскердик же дипломатиялык жолду карап жатканын белгилеп, сүйлөшүүлөргө артыкчылык берерин баса белгилеген.
12-мартта Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаштын Тегеранга жасаган расмий сапары учурунда андан Трамптын катын алганын ырастаган. Иран Трамптын катына кандай жооп берерин документти толук баалап, карагандан кийин айтарын Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи билдирген.
Ошол эле учурда Иран лидери Али Хаменеи АКШнын Иран менен сүйлөшүүгө даярдыгы жөнүндөгү билдирүүлөрү дүйнөлүк коомдук пикирди алдагандык болуп саналарын айткан.
Эске салсак, 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.