“Иран эли эч качан багынбайт”. Хаменеи АКШга Иран менен согуштун кесепеттерин эскертти

Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеи АКШнын Израил тарапта жаңжалга катышуусу алардын өзүнө гана “орду толгус зыян” алып келерин эскертти.

Tasnim агенттиги маалымдагандай, аятолла Хаменеи муну менен АКШ президенти Дональд Трамптын Тегеранга “багынуу” тууралуу чакырыгына жооп берди. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Тегерандан “дароо багынып беришин” талап кылган.

“Иранды, анын элин жана тарыхын жакшы билген акылман адамдар эч качан Иран менен коркутуу тилинде сүйлөшпөйт, анткени иран эли багынбайт жана америкалыктар Америка Кошмо Штаттарынын ар кандай аскердик кийлигишүүсү аларга орду толгус зыян алып келерин билиши керек”, – деп  эскертти Хаменеи.

Ал коркутуулар Иран улутунун жүрүм-турумуна жана ой жүгүртүүсүнө эч качан таасир этпейт деп баса белгиледи.

Ирандын Жогорку лидери Израилдин чабуулу АКШ менен Иран өзөктүк келишим боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан маалда болгонун жана ал учурда Иран тараптан эч кандай аскердик же катаал кадамдын белгиси жок болгонун белгиледи.

“Албетте, сионисттик режимдин бул кара ниет аракетине Американын да тиешеси бар деп башынан эле болжолдонгон жана соңку америкалык расмийлердин билдирүүлөрү бул болжолду күндөн күнгө бекемдөөдө”, – деди ал.

Хаменеи Иран эли таңууланган согушка да, таңууланган тынчтыкка да бекем турарын кошумчалады.

Сионисттик душман чоң жаңылыштык жана кылмыш кылганын баса белгилеген аятолла Хаменеи мындай деди:

“Сионисттик душман жазаланышы керек жана жазаланууда. Иран улутунун жана куралдуу күчтөрүнүн бул душманга берген, учурда берип жаткан жана келечекте да пландап жаткан жазасы катуу жаза жана ал аны алсыратып жатат”.

Ал америкалыктардын окуяга кийлигишүүсү Израил режиминин алсыздыгынын жана жөндөмсүздүгүнүн белгиси деп билдирди.

“Америкалыктар жана бул чөлкөмдүн саясатын жакшы билгендер Американын бул маселеге кийлигишүүсү 100% алардын зыянына болорун жана алар соккуга дуушар болоорун, ал сокку Иран тарткан зыяндан алда канча кыйратуучу болоорун билишет”, – деп билдирди аятолла.

Ирандын жогорку лидери Алла Таала Иран улутун жана акыйкатты сөзсүз түрдө жеңүүчү кылат деп билдирди.

Израил менен Ирандын ортосундагы жаңжал 13-июнда эртең менен Израилдин Ирандын аймагына абадан сокку уруусунан кийин курчуп кеткен. Буга жооп катары Иран 14-июнга караган түнү Израилди көздөй баллистикалык ракеталардын бир нече толкунун учурду. Куралдуу кагылышуу алты күндөн бери уланып, эки тарапта тең жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар жарадар болду.