Иран өлкөдөгү 6 миллион ооган иммигранттарын камсыздоого жылына 10 миллиард доллардан ашык каражат сарптайт

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани Иранда алты миллиондон ашык ооган иммигранттары бар экенине токтолуп, өлкө аларды камсыздоо үчүн жылына 10 миллиард доллардан ашык каражат короторун, ал эми эл аралык коомчулук тарабынан жетиштүү колдоо болбогонун билдирди.

Анын айтымында, Иран коңшу өлкө катары, айрыкча 2020-жылы америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин, ооган кризисинин жүгүн Иран да көтөрүүдө.

“Алты миллиондон ашык оогандыктар Иранга баш калкалады, бул биздин чектелген ресурстарыбызга чоң кысым жасады. Иран аларды камсыздоого жылына 10 миллиард доллардан ашык каражат коротот, бирок бул жолу эл аралык коомчулуктан жетиштүү колдоо болгон жок”, – деди Ирвани БУУнун Коопсуздук кеңешинин Ооганстандагы кырдаал боюнча брифингинде.

Ал оогандык качкындардын көбү баш калкалаган Иран жана Пакистан сыяктуу өлкөлөр үзгүлтүксүз жардамга муктаж экенин айтып, ошол эле учурда күч-аракеттер Ооганстандын турак-жай, жумуш орундары жана негизги кызматтар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн күчөтүү аркылуу качкындардын кайтып келүүсүн камсыздоого багытталышы керек деди.

Ирванинин айтымында, инклюзивдик өкмөт Ооганстанда узак мөөнөттүү тынчтык жана туруктуулук үчүн абдан маанилүү.

“Инклюзивдик өкмөт негизги маселелерди чечип, чыр-чатактын кайра кайталанышын алдын алат жана кошуна өлкөлөргө качкындардын агымын токтото алат”, – деди Ирандын өкүлү.