Бүгүн, 11-апрель Пакистандын борбору Исламабадда Иран менен АКШнын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү өтүп жатат.
Иран делегациясын парламенттин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф жетектеп жатат. Делегациянын курамында Тышкы иштер министри Аббас Арагчи, Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Акбар Ахмадиан жана Борбордук банктын төрагасы Абдолнасер Хеммати да бар.
Ал эми АКШнын вице-президенти Дж.Д. Вэнс жетектеген америкалык делегациянын курамында Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана америкалык лидердин күйөө баласы Жаред Кушнер бар.
Ирандын Tasnim агенттигинин маалыматы боюнча сүйлөшүүлөр дагы бир күнгө узартылышы мүмкүн.
Маалыматка караганда, Иран сүйлөшүүлөрдү дагы бир күнгө узартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган жок.
“Баштапкы консультациялардан кийин Иран менен АКШнын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр жалпы маселелерден бир катар темалар боюнча деталдуу жана техникалык талкууларга өттү. Сүйлөшүүлөр бир күнгө пландаштырылганы менен, эксперттик талкууларды улантуу үчүн алар дагы бир күнгө узартылышы мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүлөр алдында The New York Times гезити үч ирандык аткаминерге шилтеме берип, Ирандын Пакистандагы сүйлөшүү тобу АКШ менен мүмкүн болгон келишим боюнча чечим кабыл алууга толук ыйгарым укукка ээ экенин билдирген.
“Ирандын командасы Пакистанда чечим кабыл алууга толук ыйгарым укукка ээ жана сүйлөшүүлөрдүн сезимтал мүнөзүн эске алуу менен Тегеран менен кеңешүүгө милдеттүү эмес”, – деп жазган гезит.
Булактардын маалыматына караганда, Ирандын Жогорку лидери Можтаба Хаменеи Галибафка келишимди кабыл алуу же четке кагуу укугун берген деп айтылууда.