Ислам өлкөлөрүнүн “D8” тобу Газа боюнча жыйынга чогулат

Жакынкы күндөрү “D8” деп аталган өнүгүп келе жаткан сегиз ислам өлкөсүнүн тобу кезексиз жыйын өткөрүп, Израилдин Газадагы согуш кылмыштарына каршы позициясын жарыялоо үчүн биргелешкен билдирүүнү жарыялаганы жатат.

Бул Ислам Кызматташтык Уюмунун жана Араб Лигасынын бул маселе боюнча дипломатиялык аракеттерине таасир эте турган иш-аракет болот деп күтүлүүдө.

“D8” тобунун Тышкы иштер министрлеринин алдыдагы жолугушуусу 8-июнда Стамбулда өтөт.

“Анадолу” агенттиги белгилегендей, эл аралык маанилүү форумдардын бири болгон жана Түркиянын жетекчилигинде өткөрүлө турган бул жыйын, Израилдин курчоого алынган Газа шаарына каршы улантып жаткан кол салууларына каршы жамааттык позицияны алууда “D8” өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү жана алар Израилдин палестиналыктарга жасап жаткан зулумуна унчукпай тургандыктарын көрсөтөт.

Бул жыйынга Пакистандын тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар, Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди, Малайзиянын тышкы иштер министри Мухаммад Хасан, Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери, Бангладештин социалдык жактан камсыз кылуу министри Дипу Мони, Египеттин жана Нигериянын жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү катышмакчы.

“D-8” же Ислам сегиздиги – Индонезия, Иран, Бангладеш, Пакистан, Түркия, Малайзия, Египет жана Нигерия кирген сегиз өнүгүп келе жаткан мусулман өлкөлөрүнүн тобу.

Ал өнүгүп келе жаткан ислам өлкөлөрүнүн ортосунда бекем экономикалык байланыштарды түзүү жана алардын дүйнөлүк рыноктордогу таасирин арттыруу, ошондой эле өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр менен диалог түзүү максатында түзүлгөн аймактык келишимдердин бири.

Аталган топ жалпысынан ИДПсы 4,8 триллион долларды түзгөн дүйнө калкынын 1,2 миллиард адамын камтыйт. Бул өзгөчөлүктөр менен “D8” Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Араб Лигасынын Газадагы дипломатиялык аракеттеринин ролун дагы да көрүнүктүү кылган жана таасирин арттырган уюм катары каралууда.

Израиль-Палестина согушунда 7-октябрдан бери Израиль 1,2 миңдей кишисин жоготсо, Газа тилкесинде 36 миңден ашуун адам набыт болуп, 82 миңден ашууну жараат алды.

Комментарий жиберүү