Ханзаада Рахим 50-мураскор имам болуп дайындалды.
Ханзаада Рахим Аль-Хусейни Ага-Хан V 5-февралда 50-мураскор имам (руханий лидер) болуп жарыяланды. Бул тууралуу анын маркум атасы, принц Карим Аль-Хусейни Ага-Хан IVттүн осуятында белгиленген. Принц Карим Ага-Хан IV 4-февралда Лиссабондо 88 жашында көз жумган.
Ханзаада Рахим Ага-Хан V ким?
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, ханзаада Рахим Ага-Хан V – маркум Карим Ага-Хандын тун уулу жана анын биринчи жубайы, принцесса Салиманын баласы. Ал 1971-жылдын 12-октябрында туулган.
Ал төмөндөгү окуу жайларында билим алган:
- Phillips Academy (Массачусетс, АКШ);
- Браун университети (1995-жылы, салыштырма адабият боюнча бакалавр даражасын алган)
Navarra Business School (Барселона);
Ал Ага-Хандын Өнүктүрүү Тармагынын көптөгөн агенттиктеринин директорлор кеңешине мүчө болуп, Исмаилиттик Изилдөө Институту жана Исмаилиттик коомчулуктун социалдык башкаруу институттарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.
Үй-бүлөсү
Ханзаада Рахим Ага-Хан 2013-жылы Кендра Ирен Спирс менен баш кошкон. Ал учурда Принцесса Сальва Ага-Хан деген ат менен белгилүү.
Жубайлардын эки баласы бар:
- Принц Ирфан (2015-жылдын 11-апрелинде туулган);
- Принц Синан (2017-жылдын 2-январында туулган)
Ага-Хан IV: Исмаилиттердин 49-имамы болуп келген. Ханзаада Карим Ага-Хан IV 2025-жылдын 4-февралында, 89 жашында Лиссабондо дүйнөдөн кайтты.
Исмаилиттердин 1400 жылдык тарыхында алардын жандуу мураскор имамы болуп келген.
Ханзаада Карим Ага-Хан IV – исламдагы шииттик-низариттик исмаилиттердин 49-имамы болгон жана Пайгамбар Мухаммаддын кызы Фатиманын тукумдарынын бири катары таанылган.
Ал 68 жыл бою Исмаилиттик Имаматты жетектеп, дүйнө жүзү боюнча көптөгөн социалдык жана экономикалык өнүгүү долбоорлорун ишке ашырган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ханзаада Карим Ага-Хан IVнүн каза болгондугуна байланыштуу анын жакындарына жана жамаатына көңүл айткан.
Исмаилиттер Кыргыз Республикасында мамлекетибиз Эгемендүүлүккө ээ болгон алгачкы жылдардан тартып эле банк, билим берүү тармагында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келет.