БУУнун маалыматына ылайык, ИШИМ (ДАИШ) жаңы күчтөрдү жалдоо аркылуу Афганистандагы күрөш ыкмасын жана ишмердүүлүгүн өзгөрттү.
“Фарс” агенттигинин Афганистан боюнча сайтынын кабарчысы билдиргендей, Бириккен Улуттар Уюму бүгүн, шаршемби күнү, Талибандын ИШИМди жок кылгандыгы тууралуу билдирүүсүнөкарабастан, бул уюм Афганистандын ири шаарларында жашыруун «үйчөлөрдү» түзүп, шаарда согуштук ыкмаларга өткөнүн маалымдады.
АКШ Афганистанда турган мезгилде ИШИМ бул өлкөнүн айрым аймактарын, анын ичинде Нангархар провинциясын басып алууга умтулган.

Бирок акыркы үч жылда ИШИМ өз операцияларын Афганистандын шаарларына багыттап, өткөн жылы эң ири чабуулдардын бири катары Афганстандын Ички иштер министрлигинин имаратынын ичинде Талибандын качкындар боюнча министринин өмүрүн кыйган.
БУУнун билдирүүсүндө айтылгандай, ИШИМ Афганистандын Мазари-Шариф, Кабул сыяктуу бир нече ири шаарларында жашыруун топторду түзүп, жалпысынан 300 операция жүргүзгөн. Анын кесепетинен өлкөдө 800 адам каза болгон.
Уюмдун маалыматына ылайык, учурда 2 миңдей жоочусу бар ИШИМ Афганистандын чыгыш жана түндүк аймактарында «козу карындай көбөйүп», өлкө жана аймак үчүн олуттуу коркунучка айланган.