Йемендеги АКШ соккуларынан кийин массалык демонстрациялар өттү

Дүйшөмбү күнү кечинде Йемендин бир нече шаарында массалык демонстрациялар өттү. Бул шаарлар хуситтердин «Ансар Аллах» кыймылынын көзөмөлүндө турат. Он миңдеген адамдар 15-мартта АКШ Йемендин  аскердик объекттерине сокку урганына каршы нааразычылык билдирүү үчүн көчөлөргө чыгышты.

Хуситтерге таандык Al Masirah телеканалынын маалыматына ылайык, демонстрациялар Саада, Ходейда, Дамар жана Амран провинцияларынын административдик борборлорунда өткөн. Эң ири акция Сана шаарындагы Эс-Сабаин аянтында болду. «Ансар Аллах» көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары бул митингди «мурда болуп көрбөгөндөй миллиондогон адамдардын акциясы» деп мүнөздөштү.

2023-жылдын октябрында палестина-израилдик жаңжал күчөгөндөн бери, Йемендин борборунун жашоочулары ар жума күнү Газаны колдоого арналган демонстрацияларга чыгып келишет. Демонстрациялардын алдында «Ансар Аллах» кыймылынын лидери Абдель Малик аль-Хуси йемендиктерди «миллиондоп чогулуп», АКШнын операциясына каршы нааразычылык билдирүүгө чакырган.

15-мартта АКШнын Куралдуу күчтөрү президент Дональд Трамптын буйругу менен Йемендеги хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарга массалык соккуларды урган. АКШнын Борбордук командачылыгынын билдирүүсүнө ылайык, операция америкалык кызыкчылыктарды коргоо жана деңиз жолдорунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Хуситтердин өкмөтүндөгү Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соккулардын натыйжасында 53 адам каза болуп, дагы 98 киши жаракат алды.

Кызыл деңиздеги кризис

2023-жылдын ноябрында Газа секторундагы кагылышуулар күчөгөндөн кийин, «Ансар Аллах» кыймылы Израилди ракета менен аткылап, ага байланыштуу кемелердин Кызыл деңиз жана Баб-эль-Мандеб кысыгы аркылуу өтүшүнө жол бербей турганын эскерткен. Бул аракеттер Палестина анклавындагы согуштук аракеттер токтобой турган болсо, уланарын билдиришкен.

Хуситтердин соода кемелерине каршы чабуулдары быйылкы жылдын январь айынын ортосуна чейин уланган, бирок Израиль менен ХАМАС Газа секторундагы убактылуу тынчтык келишимине жетишкенден кийин токтогон.

Бирок, ок атууну токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи этабы бүткөн соң, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху палестин анклавына гуманитардык жардамдын жеткирилишин токтотуп коюуну чечкен.

7-мартта «Ансар Аллах» кыймылынын лидери Абдель Малик аль-Хуси гуманитардык жардам Газа секторуна төрт күндүн ичинде жеткирилбесе, хуситтер Израилге каршы «деңиздеги аскердик операцияларын» кайра баштай турганын жарыялаган.