Йемендин жээгинде мигранттар түшкөн кайыктын чөгүшүнөн курман болгондордун саны 55ке жетти

Йемендин түштүгүндө жайгашкан Абьян провинциясынын жээгинде мыйзамсыз мигранттар түшкөн кайыктын чөгүп кетишинин натыйжасында курман болгондордун саны 55 адамга жетти. Бул тууралуу Зинджибар районунун саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Абдулкадир Баджмил  билдирди.

Анын айтымында, курман болгондордун арасында бир йемендик да бар. Бардык сөөктөр жерге берилди, бирок эфиопиялыктарды кошкондо ондогон адамдар дагы деле жоголгон катары катталууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кайыктын ичинде 100дөн ашык адам болгон.

Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү уланууда. Буга чейин коопсуздук күчтөрү 20 адамдын каза болгонун жана ондон ашык кишинин дайынсыз жоголгонун билдиришкен.

Йемен — Африка Мүйүзү аймагындагы өлкөлөрдөн, айрыкча Эфиопия жана Сомалиден чыккан мыйзамсыз мигранттар үчүн негизги транзиттик өлкө болуп эсептелет. Алар Йемен аркылуу Перс булуңундагы мамлекеттерге, өзгөчө Сауд Аравиясына жетүүнү көздөшөт.