Йемендин куралдуу күчтөрүнүн расмий өкүлү алардын биргелешкен операциясы тууралуу билдирди, анын жүрүшүндө америкалык учак конуучу “Гарри Трумен” кемесине жана америкалык F-18 истребителдеринин бирине сокку урулган.
Йемен Куралдуу Күчтөрүнүн басма сөз катчысы, бригадалык генерал Яхья Сари: « Басмырланган палестина элин коргоо жана Газа тилкеси менен Йеменге жасалган кол салууларга жооп берүү алкагында биздин куралдуу күчтөрүбүз бир убакта АКШнын деңиз флотуна таандык “Гарри Трумен” авианосецине сокку урууга жетишти. Биздин өлкөгө кечээги агрессивдүү чабуул менен Гарри Трумен” жана бир нече америкалык эсминец талкаланды.
Ал: «Бул операция сегиз канаттуу ракета жана 17 учкучсуз учактын жардамы менен ишке ашырылды», – деди.
Яхья Сари сөзүн мындай деп улантты: «Эсминецтер Йемендин ракеталарына жана учкучсуз учактарына каршы аракеттенип жатканда, америкалык бир F-18 согуштук учагы атып түшүрүлдү».
Ал андан ары мындай деди: «Биздин операциянын натыйжасында душмандын согуштук күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Йемендин аба мейкиндигин таштап, Йемендик аскерлер тарабынан жок кылынуу коркунучу астында турган өздөрүнүн авианосецин коргоо үчүн Кызыл деңиздин эл аралык сууларына багыт алышты».
Йемен армиясынын басма сөз катчысы ошондой эле бул операция учурунда Йемен аймагына жасалган чабуул токтотулганын жана “Гарри Трумен” кол салуудан кийин түндүк Кызыл деңизге чегингенин жарыялады.
Яхья Сари дагы мындай деп баса белгиледи: «Йемендин куралдуу күчтөрү америкалык-британиялык агрессияга каршы турууда жана нейтралдаштырууда ийгиликтерин жарыялайт жана келечекте АКШ-Британия-Израиль агрессиясына каршы турууга даяр экендиктерин ырастайт».
Ал ошондой эле «Израиль жана Америка душманын» Йеменге басып кирүүсү тууралуу эскертип, Йемендин куралдуу күчтөрү «өз өлкөсүн коргоого болгон укугун толук пайдалана турганын» жана блокададагы Газаны басып алуу аяктаганга чейин жана Палестина элине колдоо көрсөтүүнү уланта турганын айтты.