Суроо: Кадыр түнүнүн мааниси эмнеде?
ЖООП: Ыйык Рамазан айы ичинде болгон касиеттүү түн. Кээ бир аалымдар Мавлид түнүнөн кийин эң кадырлуу түн деп эсептешет. Кадыр түнү бул үммөткө тийиштүү. Башка пайгамбарларга мындай фазилаттуу түн берилген эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:
“Аллаху таала Кадыр түнүн үммөтүмө белек кылды, башка үммөткө бербеди.” [Дайлами]
Расулуллахка “саллаллаху алейхи ва саллам” өзүнөн мурдагы адамдардын өмүрлөрүнүн канчалык экендиги билдирилгенде өз үммөтүнүн өмүрлөрүнүн кыска экенин көрдү. Узун өмүрлүү болгон башкалардын кылган салих амалдарын орундай алышпайт деп ойлонгондо Аллаху таала ага миң айдан кайырлуу болгон Кадыр түнүн ихсан кылды. Аллаху таала: “Кадыр түнү сеники жана үммөтүңдүкү”, – деп Хабибинин көңүлүн ырахат кылды. (И.Малик)
Расулуллах алейхиссалам: “Бани Исраил пайгамбарларынан 80 жыл бир гана ибадат кылгандар болду”, – дегенде Асхабы кирам таң калды. Жабраил алейхиссалам келип: “Йа, Расулаллах, үммөтүң ал пайгамбарлардын [башка иштерден сырткары] 80 жыл бир гана ибадат кылуусуна таң калышууда. Аллах сага андан жакшысын берди”, – деп: “Кадыр түнү миң айдан кайырлуу” деген маанидеги аятты окуду. (Рияд-ун-насыхин)
Балакатка кирген абалда 50 жыл жашаган адам 50 Кадыр түнүн өткөрөт. Бир түн 80 жылдын баасынчалык болгондо 50х80=4000 жыл болот. 4 миң жыл ибадат кылгандай соопко ээ болот. Кадыр түнү тууралуу хадиси шарифтерде айтылган:
“Төрт түндүн күндүзү дагы түнү сыяктуу фазилаттуу. Аллаху таала ал күндөрдө дуба кылган адамдын тилегин артка кайтарбайт, аларга магфират кылат жана алар бул күндөрдө мол жакшылыктарга ээ болушат. Булар – Кадыр түнү, Берат түнү, Жума түнү жана күндөрү.” [Дайлами]
“Сообун Аллаху тааладан күтүү менен Кадыр түнү ибадат кылган адамдын өткөн күнөөлөрү кечирилет.” [Бухари]
“Кадыр түнү бир жолу Кадыр сүрөсүн окуу башка мезгилде Курани каримди хатим кылуудан да сооптуу. Кадыр түнү бир жолу “Субханаллах”, бир жолу “Алхамдулиллах”, бир жолу “Ла илаха иллаллах” деп айтуу 700 миң таспих, тахмид жана тахлилден баалуу. Бул түнү кой сааганчалык убакыт [аз убакыт] намаз окуу, ибадат кылуу бир ай бардык түндү таңга чейин ибадат кылуудан да баалуу.” [Тафсир-и мугни]
“Кадыр түнү үч жолу “Ла илаха иллаллах” деген мусулмандын биринчисинде бардык күнөөлөрү кечирилет. Экинчисинде Жаханнамдан кутулат, үчүнчүсүндө Жаннатка кирет.” [Тафсир-и мугни]
Расулуллах Кадыр түнү “Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул авфа фафу анни” деген дубаны окучу. “Йа, Рабби, сен кечирүүчүсүң, каримсиң, кечиримди сүйөсүң, мени дагы кечир” дегенди түшүндүрөт.
Рамазан айынын 27.чи түнү
Суроо: Кадыр түнүнүн 27.чи түн экендиги аныкпы?
ЖООП: Жок, анык эмес. Кадыр түнү Рамазан айынын ичинде. Кадыр түнүнүн кайсы түн экендиги анык белгилүү эмес. Аалымдарыбыз: “Аллаху таала ыраазылыгын ибадатта, каарын күнөөлөрдө, орто намазды беш маал намазда, олуясын калк арасында, Кадыр түнүн Рамазан айынын ичинде жашырган”, – дешкен.
Ошондуктан, Аллаху тааланын ыраазылыгына ээ болуу үчүн эч бир жакшылыкты кичине деп көрбөө керек! Каары күнөөлөрдүн ичинде жашырылгандыктан эч бир күнөөнү кичине дебеш керек, орто намазды качырбоо үчүн беш убак намазды маалында окуу керек, олуя калктын арасында жашыруун болгондуктан бардыгына жакшы мамиле кылуу керек. Ар көргөндү Хызыр, ар түндү Кадыр деп билүү керек.
Ыйык Рамазан айынын 27.чи түнү ибадат кылуу өтө сооптуу. Бир нече хадиси шарифтин мааниси мындай:
“Кадыр түнүн Рамазандын акыркы он күнүндө издегиле!” [Муслим]
“Кадыр түнүн Рамазандын он күнүнүн 21, 23, 25, 27 жана 29 сыяктуу так сандуу түндөрдө же Рамазандын акыркы түнүндө издегиле! Сообун күтүп Кадыр түнүн ибадат менен өткөргөн адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [И.Ахмед]
“Кадыр түнү Рамазандын 27.чи түнү.” [Абу Давуд]
Имам Азам хазреттери Кадыр түнүнүн Рамазандын 27.чи түнүнө көбүрөөк дал келгендигин билдирген. “Кадыр түнүнө дал келген бир түндү ибадат менен өткөргөн адам Кадыр түнү ибадат кылгандай сооп табат” деген хадиси шарифти эстеп тез-тез болчу 27.чи түндү ибадат менен өткөрсө ал түн Кадыр түнү болбосо дагы чоң соопко жетет. Кадыр түнүн сураган бир затка Пайгамбарыбыз: “Бул жылы Кадыр түнү Рамазандын биринчи түнү болчу, өттү, 27.чи түндү ибадат менен өткөр! Рамазан айынын 27.чи түнү ибадат кылган адамга денесиндеги кылдардын санынчалык ажылык, умра, шейит жана гази сообу берилет”, – деди. Башка бирине дагы: “Бул жылы Кадыр түнү өттү, бирок, Рамазандын 27.чи түнүн ибадат менен өткөр! Кадыр түнүнүн сообуна ээ болосуң. Шапааттан насипсиз калбайсың”, – деди. Хазрети Аиша энебизге дагы: “13.чү түн эле, өттү. Кадыр түнүн өткөрүп жиберген болсоң 27.чи түнгө жетесиң. Ал түндү ибадат менен өткөрсөң акырет жолчулугу үчүн азык катары ал түндөгү ибадат сага жетет”, – деди. Хазрети Аиша энебиз: “Расулаллах Рамазандын акыркы он күнүндө көп ибадат кылчу”,- деген. [В. Нажат]
Мубарек убакыттарда күнөөлөрдөн өтө сак болуп, ибадат жана жакшылык кылууну көбөйтүү керек. Себеби, Аллаху таала тарабынан сүйүлгөн адам фазилаттуу убактарда фазилаттуу амалдар менен алек болот. Жактырбаган кулу болсо фазилаттуу убактарда жаман иштер менен алектенет. Жаман иштер менен алектенген адамдын бул аракети азабынын дагы да катуу болуусуна жана Аллаху тааланын ага дагы көп душман болуусуна себеп болот. Себеби, ал мындай кылуу менен убакыттын берекесинен куру калып, анын урмат жана намысын тебелеген болот.
Бул түндө ибадат кылуу үчүн илим үйрөнүү керек, мисалы, илмихал окуп, каза намаздарын окуп, Курани карим окуп, дуба жана тообо кылып, садага берип, мусулмандарды кубантып, булардын соопторун өлгөн жана тирүү бардык момундарга жиберүү керек! Кадыр тунүн ибадат менен өткөргөн адамдын, Рамазан орозосун кармаган адамдын, ажылыгы кабыл болгондун бардык күнөөлөрү кечирилгени менен намаз, орозо жана кул карыздары төлөнгөн болбойт. Булардын казасын орундап, кул акысын төлөп карыздардан кутулуу керек.
Суроо: Кадыр түнү бир күндүк каза намазын окуган адамдын миң айлык каза намазы карызынын өтөлө тургандыгы айтылууда. Намаз окубастан, бир гана Рамазанда ар түнү бир күндүк каза намазын окуган адам Кадыр түнүнө туш келет. Миң айлык (83 жылдык) намаз карызы ушинтип өтөлүшү мүмкүнбү?
ЖООП: Мираж түнү жүз рекет нафил намаз окугандын бүткүл намаз карыздарынын өтөлө тургандыгы да айтылды. Мутабар (абыройлуу) китептерден накыл кылынбаса ушундайча чоң каталарга түшүү мүмкүн. Хадиси шарифте дагы айтылды:
“Кабыл болгон ажылык өткөн күнөөлөрдү жок кылат.” [Байхаки]
Кадыр түнү ихия кылган (ибадат менен өткөргөн) адамдын, Рамазан орозосун кармаган адамдын, ажылыгы кабыл болгон адамдын бүткүл күнөөлөрү кечирилсе дагы намаз, орозо жана кул карыздары өтөлгө болбойт. Булардын казаларын окуп, өтөө аркылуу карыздан кутулуу керек. (Хадика)
Күнөөлөрдүн кечирилүүсү үчүн Ахли сүннөт итикадына ээ болуу, бидат иш кылбоо керек. Бул түндү ибадат менен өткөрүү үчүн намаз окуу керек, Курани карим окуу керек, дуба, тообо кылуу керек, садага берүү керек, мусулмандарды кубантуу керек, булардын соопторун өлүү жана тирүү бардык мусулмандарга багыштоо керек!
Суроо: Кадыр түнүнүн белгилери эмнелер? Өзгөчө Кадыр түнүнө кез келүү үчүн Рамазандын түндөрүн кандайча өткөрүү керек?
ЖООП: Рамазандын ар бир түнүнө Кадыр түнү деп мамиле кыла турган болсо Кадыр түнүнө кез келген болот. Күндө эң аз мына буларды аткаруу керек:
1-Куптан намазында заммы сүрө катары Кадыр сүрөсүн окуу.
2-Мына бул дубаны окуу керек: “Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул афва фафу анни”.
3-Бир канча бет Курани карим окуу.
4-Илмихалдан бир канча бет окуу.
5-Аз болсо да Исламиятты туура жайылткан инсандарга, уюмдарга жардам көрсөтүү же садага берүү.
6-Түнү соор убагында эки рекет намаз окуп, силсиле-и алиййаны окуп, ал аалымдардын урматына деп дуба кылуу.
7-Күндүзү дагы түнү сыяктуу баалуу болгондуктан күндүзүн ибадат менен өткөрүү керек.
Кадыр түнүнүн белгилери:
Кадыр түнү ачык жана тынч болот, ысык да суук да болбойт. Эртеси таңда күн кызыл болуп, шооласыз атат. Кадыр түнү иттин үнү угулбайт деген аалымдар дагы болгон. Убейд бин Омар хазреттери айткан: “Кадыр түнү деңизде элем, деңиздин суусун ичтим, туздуу эмес эле, таттуу жана жагымдуу эле.”
Хадиси шарифтерде айтылган:
“Кадыр түнү ачык жана жумшак болот. Суук жана ысык эмес, таң эрте дагы күн алсыз жана кызыл болуп чыгат.” [Таберани]
“Кадыр түнү ачык болот, ысык жана суук эмес. Булут болбойт. Жамгыр жана шамал болбойт. Ал түндүн таңынын белгиси – күндүн шооласыз чыгышы.” [Таберани]
“Кадыр түнү эртеси күн шооласыз чыгат. Бийиктегенге чейин чоң табак сыяктуу болот.” [Муслим]
Суроо: Курани каримдин Кадыр түнү түшүрүлгөндүгү Кадыр сүрөсүндө билдирилүүдө. Азыр бул түн эмне үчүн ар жылы бир күнгө туш келбестен Рамазан айы ичинде ар кайсы күндөргө туш келүүдө? Эмне үчүн дайыма бир түнү болбойт? Мисалы, Курани каримдин түшүрүлүп башталуусу Рамазандын 26нан 27не караган түнү болгон болсо, анда Кадыр түнү дагы дайыма ушул түнү болуусу керек эмеспи? Камарий айлар дагы ушундай. Рамазан жайга туш келгендиги сыяктуу кышка дагы туш келүүдө. Эмне үчүн дайыма бир убакта болбой жылдын бардык айларын айланууда?
ЖООП: Бири экинчисинен өзгөчө суроо. Аллаху таала камарды (асмандагы айды) бүткүл жылды айлана тургандай түрдө жараткан. Камари жыл 354 күн. Шамси жылга караганда 10 же 11 күн аз. Ушул үчүн ар жыл камари ай 10 мурда келет. Ушундайча толук жылдын айларын айланат. Аллаху таала ушундай болуусун каалаган. Рамазан орозосу ушундайча жылдын эң узун жана эң кыска, эң суук жана эң ысык күндөрүнө туш келүүдө.
Исламият бир аймакка гана эмес бүткүл дүйнөгө келген. Ар географиядагы, ар мезгилдеги адамдарга келген. Ысык жана суук өлкөлөр бар. Күндүзү же түндөрү кыска же узун болгон жерлер бар. Бардыгы үчүн бир гана күн (дата) болгондо мусулмандардын иши кыйын болмок. Ушул сыяктуу дагы көп хикматы болуусу мүмкүн.
Аллаху таала Кадыр түнүн жашырган, тагыраагы, Рамазан айынын ар кайсы күндөрүнө коюуда. Бул жылы Рамазандын бирине койсо, келерки жылы Рамазандын жетисине коюусу мүмкүн, Кадыр түнү ошол түнү болот. Калган түндөр сыяктуу баланча айдын белгилүү бир күнү кылган эмес, бул түндү жашырган. Бул түндүн айлар менен катышы жок, түн менен катышы бар. Кадыр түнү Рамазандын 27-чи түнү Курани карим түшкөн болсо, бул жылы болсо Кадыр түнү Рамазандын үчүнө коюлган болушу мүмкүн. Демек бул мубарек түн Рамазандын үчүнө келди. Ай түшүнүгүнөн арынуу керек. Башка түндөр ай менен байланыштуу, Кадыр түнү ай менен байланыштуу эмес, түн менен байланыштуу. Аллаху таала тилегенде ар айга бирди коймок жана ар айда Кадыр түнү болушу мүмкүн эле. Курани карим түшкөн бул түндү дагы ар ай өткөрмөкпүз.
Биринчи жолу Курани карим түшүрүлгөн түндүн касиетин, пазилетин жана берекесин Аллаху таала ар жылы башка бир түнгө берүүдө. Тагыраагы, ар жылы ар кайсы түндүн ошол кадыр баркты көтөрүүсүн тилеген. Курани карим түшүрүлгөн ошол мубарек түндүн ар жылдыгында бир гана түндүн ал пазилетти алып жүрүүсү зарыл болбоодо. Бишка бир түн ал пазилетти ала алууда.
Кадыр түнү кантип өткөрүү керек?
Кадыр түнү тууралуу даанышман заттар мындай дешкен:
Курани карим Лавх-и махфузга Бараат түнү бир жолкусунда түшүрүлдү. Лавх-и махфуз 7 кабат асманда, Жаннат 6 кабат асманда. 1 кабат асманга Кадыр түнү түшө баштады. 20 жылда түштү. Биринчи «Икра» аяты менен 23 жыл созулду. Биринчи аяти каримадан кийин 3 жыл аят келбеди.
Бул түнү бардык момундар кечирилет, бирок, бул беш топтогу адамдар кечирилбейт:
1- Төлгөчүлөр, көзачыктык кылгандар, жылдызнаама сыяктуу китептерге карап келечектен кабар бергендер.
2- Сыйкыр кылгандар жана кылдыргандар.
3– Эне-атага каршы болгондор.
4- Ичкилик ичүүдөн тыйылбагандар.
5– Зына кылгандар, намахрам аялдар менен отуруп-тургандар.
Булардан бул күнөөсүнө тообо кылгандар гана кечирилет.
Дагы бир Рамазан айы келип-кетүүдө. Кадыр түнү чоң мүмкүнчүлүк, аны кадырлап, жакшылап өткөрүү керек. Ханафи мазхабында бир түндү ибадат менен өткөрүүнүн эң жакшы жолу – илим үйрөнүү, тагыраагы, илмихал китеп окуу. Экинчи маанилүү нерсе – бул түнү күнөө кылбоо.
Кимде ким Кадыр түнүн ибадат менен өткөрсө көңүлү өлбөйт жана ал түндү ибадат менен өткөргөн адамды Аллаху таала кечирет. Кадыр түнүндө жана күндүзү көп ибадат кылуу керек, себеби, күндүзү кылынган ибадатка дагы түнү кылынгандай сооп берилет. Бул түндүн Рамазан шариф айында болгондугу анык. Аны Аллаху таала бул айга жашырган жана ар жылы өзгөрөт. Кубаттуу ыктымал 20-нан кийин. Жашырылуусундагы максат – бир гана ал түндү эмес айда толугу менен ибадат кылынуусу үчүн. Бул түнү мындайча дуба кылуу керек:
Йа, Рабби, сен бизди шайтандын жамандыгынан, душмандын жамандыгынан жана нафси аммарабыздын жамандыгынан корго, үйлөрүбүзгө жакшылык бер, халал жана кайырлуу ырыскыларды ихсан кыл. Оорулууларыбызга шыпаа, дарттуу болгондорубузга дабаа, карыздууларыбызга карыздарын адаа ихсан ихсан кыл. Бизди Жума күнүнүн жана Кадыр түнүнүн шапаатына, берекесине ээ кыл. Жума күнү жана Кадыр түнүнүн урматына күнөөлөрүбүздү кечир. Жаннатта дагы Жамалык менен мушарраф кыл, кемчиликтерибизди кечир!
Расулуллах алейхиссалам Кадыр түнү «Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул афва фафу анни» дубасын дагы көп окучу. «Йа, Рабби, сен кечирүүчүсүң, каримсиң, кечирүүнү сүйөсүң, мени да кечир» дегенди билдирет. Бул түнү Кадыр сүрөсүн жана Курани карим окуу керек. «Кадыр түнүнө туш келген бир түндү ибадат менен өткөргөн адам Кадыр түнүн ибадат кылгандай сооп табат» деген хадиси шарифти ойлоп, көп туш болгон 27-чи түн ибадат менен өткөрүлсө, ал түнү Кадыр түнү болбосо дагы чоң соопко жетет.
Кадыр түнү
Суроо: Кадыр түнү эмне үчүн баалуу, кадырлуу? Калган түндөрдөн айырмасы, өзгөчөлүгү кандай?
ЖООП: Баасыз, кадырсыз болгон бир нерсе кадырлуу бирөөнүн берүүсү менен кадырлуу болот. Кадыр түнү бардык түндөр сыяктуу бир түн болуусуна карабай, Аллаху таала аны кадырлагандыгы үчүн миң айдан да кадырлуу болгон. Чындыгында, Кадыр сүрөсүндө:
«Биз Куранды сага Кадыр түнү түшүрдүк. Кадыр түнү миң айдан да кайырлуу», – деген мааниде буюрулууда.
Курани карим Рамазанда түштү. Кадыр түнү бул айда. Курани каримде бүткүл үстөмдүктөр камтылууда. Бул айда дагы ошол үстөмдүктөрдөн пайда болгон бүткүл жакшылыктар камтылууда. Мындан улам Курани карим бул айда түшүрүлдү. Бакара сүрөсүнүн 185-чи аятында:
«Курани карим Рамазан айында түшүрүлдү», – деген мааниде буюрулду. Кадыр түнү бул айда. Бул айдын өзү. Кадыр түнү данектин ичи сыяктуу. Рамазан айы болсо кабыгы сыяктуу. Ушул үчүн ким эгер бул айды сый-урмат менен жакшы өткөрүп, бул айдын жакшылыктарына, берекелерине жетсе бул жылды жакшы өткөрүп, кайырлуу жана берекелүү болот. Аллаху таала бардыгыбызды бул мубарек айдын жакшылыктарына, берекелерине жеткирсин.
Кадыр түнү ыйык Рамазан айы ичиндеги бир түн. Имам Шафии хазреттери 17., Имам Азам Абу Ханифа хазреттери болсо 27. түн болуусу көп көрүлөт деген. Жыйырма менен отузунчу түндөрү арасында издегиле делди. Курани каримде макталган эң баалуу түн. Курани карим Расулуллах алейхиссаламга бул түнү келе баштады. Равда-тул-улама китебинде Кадыр түнүнүн пазилети түшүндүрүлүп жатып мындай делген: «Аллаху таала Мухаммед алейхиссаламдын үммөтүнө Рамазан айында беш нерсе берет, алардан башка эч кимге берген эмес. Беш нерседен бешинчиси – Аллаху таала аларга Кадыр түнүн берет. Атүгүл, эгер бир адам ал түндө Аллаху таалага ибадат кылса күнөөлөрүн кечирет. Ал түндө Жаханнамдан азат болот. Ал түндө бүткүл Рамазан айы бою азат болгондорчолук момун азат болот.»
Бул түндү Курани карим окуп, таравих жана каза намаздарын окуп, истигфар кылып өткөрүү керек, акыретке көчкөн жакындарыбызды дагы эскерип, аларга да дуба кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын Хазрети Айша энебизге сунуштаган мына бул дубаны көп окуу керек:
«Аллахумма иннака афуввун каримун тухыббул афва фафу анни.»