Актауда кулаган учактын ичиндеги 67 адамдын 38 каза тапты.
Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, аман калган 29 жаран анын ичинен үчөөсү жаш балдар түрдүү жаракаттар менен бейтапканага жаткырылган. Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
Азербайжандын борбору Бакудан Чеченстандын баш калаасы Грозный шаарына бараткан учак 25-декабрда түш ченде Казакстандын Мангыстау облусунун Актау шаарына жакын жерде кулап түшкөн.
Маалым болгондой, учакта экипаждын 5 мүчөсү, Казакстандын 6, Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Кыргызстандын 3 жараны болгон.
Кыргызстандын үч жараны учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар 2004-жылы туулган А.Р.Т, 1998-жылы туулган О.Т.М., 1988-жылы туулган Д.Э.Д аттуу жарандар. (эркек кишилер).
Кырсыктан кийинки авариялык-куткаруу ишине 97 техника, куткаруучу, дарыгер, психолог, полиция кызматкерлеринен турган жалпы 490 адам жана 10 кинолог тартылган.