Казакстанда педофилдер эркиндикке чыгарына алты ай калганда химиялык жол менен бычылат

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги “Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизди.

Документке ылайык, жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар жазасын өтөп бүткөнгө чейин алты ай калганда химиялык жол менен бычылат.

“Мекеменин администрациясы жазасын өтөө мөөнөтү аяктаганга чейин он эки айдан кечиктирбестен, аларда псхикалык бузулуу жана жыныстык зомбулукка жакындык бар же жок экенин аныктоо үчүн соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо маселесин кароо үчүн материалдарды сотко жөнөтөт”, — деп айтылат буйруктa.

Эрежелер акыл-эси соо деп таанылган болсо да, психикалык бузулуулар менен ооруган адамдарга карата колдонулбайт.