Учкучсуз учуучу учактын калдыктары Батыш Казакстан облусунун Жанибек районундагы эл жашаган аймактардан алыс жерге түшкөн.
Бул тууралуу Orda.kz жазды.
Маалыматка караганда, 24-март күнү саат 21:15те Батыш Казакстан облусунун Жанибек районундагы Узынкөл айыл аймагынан белгисиз учкучсуз учуучу аппараттын сыныктары табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу, периметрдик топ, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, жергиликтүү аткаруу органдарынын жана прокуратуранын өкүлдөрү барышкан.
“Ыйгарым укуктуу кызматтар менен биргеликте биз учкучсуз учуучу аппараттын сыныктарына окшош объектилердин табылганы боюнча иликтөө жүргүзүп жатабыз”, – деп ырастады Батыш Казакстан облусунун ИИМи.
Азырынча кыйраган учкучсуз учак кимге таандык экени белгисиз. Бирок милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.
Эске сала кетсек, Батыш Казакстан облусунда учкучсуз учуучу аппарат үчүнчү жолу кулап жатат.
18-февралда Батыш-Казакстан облусунун Бөкейорда районундагы Уялы айылында жергиликтүү тургундар белгисиз учакты табышкан. Анын көлөмү 120 см деп аныкталган. Дизайнынын жана жабдууларынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү орусиялык Орлан-10 учкучсуз учагын көрсөтүп турат.
Ал эми 18-мартта Таскала райондук ички иштер бөлүмүнө Атамекен айылынын тургундарынан белгисиз объект табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Объекттин узундугу 300 см.