Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча акыркы орунду Афганистан ээледи.
Казакстан 147 өлкөнүн ичинен дүйнөлүк бакыт рейтингинде 43-орунду ээледи. Бул көрсөткүч World Happiness Report деп аталган эл аралык баяндамада жарыяланды. Ар жыл сайын Оксфорд университетинин Жакшы жашоону изилдөө борбору тарабынан даярдалган бул доклад 20-мартта жарык көрдү.
Эң бактылуу өлкөлөрдүн катарында сегиз жыл катары менен Финляндия биринчи орунду сактап келет — анын индекси 7,736 (10 баллдан). Экинчи орунду Дания (7,521), үчүнчүнү Исландия (7,515) ээледи, алардан кийинки орундарда Швеция менен Нидерланддар турат.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 6,378 балл менен алдыга чыгып, региондогу лидер аталды. Анын артынан Өзбекстан 53-орунда (6,193 балл), Кыргызстан 75-орунда, ал эми Тажикстан 90-орунда жайгашты. 2024-жылы Казакстан 49-орунда болуп, индекси 6,188ге барабар эле.
Рейтингдин акыркы сабында Афганистан турат — анын көрсөткүчү болгону 1,364 балл.
Казакстан БУУ жана Gallup версиясы боюнча дүйнөдөгү эң бактылуу 50 өлкөнүн катарына кирди.
2025-жылкы отчетто изилдөөчүлөр адамдардын камкордугу жана кайрымдуулугу бактылуулукка кандай таасир этерин өзгөчө талдашкан. Алардын айтымында, камкордук көрсөтүү — аны алган адамга да, көрсөткөн адамга да пайдалуу. Докладдын авторлору бул эки жагдайды изилдеп, адамдар чындыгында биз ойлогондон да боорукер экенин аныкташкан.
Ошондой эле баяндамада 2024-жылы кайрымдуулук деңгээли COVID-19 пандемиясынын учурундагы эң жогорку чек менен салыштырганда төмөндөгөнү белгиленет. Бирок бул көрсөткүч 2017–2019-жылдардагы мезгилге салыштырмалуу дээрлик бардык өлкөлөрдө 10%дан жогору бойдон калууда.