Казакстандын Энергетика министрлиги, “КазМунайГаз” жана кытайлык CNOOC компаниясы менен “Жылыой” долбоору боюнча геологиялык чалгындоо жана өндүрүү иштерин жүргүзүү келишими түзүлдү.
Бул маалыматты Orda.kz жазды.
Маалыматка караганда, CNOOC Hong Kong Holding Ltd (Кытай корпорациясынын туунду компаниясы) Каспий деңизинин түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү “Жылыой” комплексинде мунай чалгындоо жана өндүрүү менен алектенет.
Долбоор 2024-жылдын октябрында түзүлгөн.
Өнөктөштүк геологиялык чалгындоо мезгилине Кытайдын CNOOC компаниясы тарабынан каржылоо менен 50/50 пайыздык негизде долбоорду биргелешип ишке ашырууну карайт. Геологиялык чалгындоо мезгилинде бардык каржылоо CNOOC тарабынан камсыздалат.
Ошондой эле кытайлык бул ири компания Казакстанга геологиялык чалгындоо долбоорунан баштап инвестиция менен биринчи жолу кирип жатат.
“Бул иш-чара Казакстан менен Кытайдын мунай жана газ тармагындагы стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп саналат. Кытайлык CNOOC ири компаниясы Казакстанга биринчи жолу геологиялык чалгындоо долбоорунан баштап инвестиция тартууда”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, кытайлык инвестор 400 чарчы километр аянтка сейсмикалык чалгындоо иштерин жүргүзөт. Ошондой эле ал жердеги көмүртектердин запастары боюнча тарыхый маалыматтарды кайра иштеп чыгып, ошондой эле эки километр, эгер жыйынтыктар оң натыйжасын берсе CNOOC 4500 метр тереңдикте скважина бургулайт.
“Жылыой” участкасынын аянты болжол менен 960 чарчы километрди түзөт.
Эскерте кетсек, CNOOC (China National Offshore Oil Corporation) мунай жана газ тармагындагы дүйнөдөгү лидерлердин бири, чалгындоо жана өндүрүү боюнча адистешкен. Компания эл аралык өнөктөштөр менен активдүү кызматташып, 20дан ашык өлкөдө ири долбоорлорду ишке ашырууга катышат.